Калба, Талас району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Калба, Талас району (1949-жылга чейин Молоке) – Талас районундагы кыштак. Т. Бекмолдоев атындагы айыл округуна караштуу. Калба суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1519 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Талас шаарынын жана райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 24 км түштүк-чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 140 км. Калкы 1827 (2007); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Г. Байсабаева туулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]