Козучак
Jump to navigation
Jump to search
Бул макаланы (Козучак, Талас району) менен адаштырбаңыз.
Козучак — Талас районундагы Октябрдын 40 жылдыгы атн. айыл советине караштуу кыштак. Октябрдын 40 жылдыгы атн. селхоздун аймагында. Беш-Таш капчыгайынын оозунда, Беш-Таш суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Иван-Алексеевка кыштагынан 10 кж түштүк тарапта. 1932-ж. негизделген. Калкы 787 (1986); негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.