Кум-Арык (Талас району)

Отурукташкан жай
Кум-Арык
Район Кыргызстан
Координаттар 42°30′19″ с. ш. 72°13′33″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2 202 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Кум-Арык (Талас району) (Кыргызстан)

Кум-АрыкКыргызстандын Талас облусунун Талас районундагы айыл. Бердике Баатыр айыл аймагына кирет.

Тарыхы

Кум-Арык айылы Талас шаарынын түштүк батышында 8 км аралыкта жайгашкан.

Азыркы Кум - Арык айылы мурда Иоганнесдорф деп аталган, Орус падышалыгы учурунда 1888 - жылы жер которгон немис улутундагы адамдар жашашкан. Кийин Иоганесдорф айылы Германиянын коммунистик партиясынын түзүүчүсү, Германия демократиялык республикасынын биринчи жана акыркы президенти (1949-1960 - ж.ж.) Вильгельм Пиктин атын алган.

Кум - Арык айылы алгач өзүнчө колхоз болуп болжол менен 1920 - жылдары түзүлгөн, ошол учурда көчөлөр түшүп, үйлөр курула баштаган жана азыркы жашаган эл к. Алгачкы уюшулган колхоз башкармалары: Солтобаев Момбек, Байтиков Казак, Алишеров Шаршен. Аталган айыл кийин "Киров" колхозуна караган. Андан кийин "1 май" совхозунун курамына Кум - Арык, Кеңеш, Козучак айылдары кирген. Бул совхоздун биринчи башкармасы Молдокулов Жедигер болгон.

1942 - 1958 жылдары жер оодаруу саясатынын натыйжасында Кавказ чөлкөмүнөн карачай, чечен үй-бүлөлөр Кум-Арык айылына жайгаштырылган. Согуштан жарадар болуп келген солдарттарды да жериликтүү калк карамагына алып карашкан.

1958 - жылы "1-май" колхозу "Октябрдын 40 жылдыгы" деген совхоз болуп түзүлүп, курамына Козучак айылы, Кеңеш айылы Шверник айылына, Кум-Арык айылы Иоганнесдорф (немец тилинен которгондо Иоганндын айылы) айылына көчүрүлөт.

"Совхоздун директорлугуна дайындалган Кугультинов деген калмак жигит абдан мыкты жетекчи эле. Анын жетекчилиги астында канчалаган курулуштарды биринин артынан, экинчисин курулду. Чарбага жаңы кеңселерди салдырып, МТС, техникаларды сактоо үчүн коргондорду курдуруп, жаңы тракторлор келип жатты. Ошондогу ЧТЗ деген тракторлордун үстүлөрү ачык, асты жагында бурап от алдыра турганы, от алгандан кийин деле салаңдап жүрө берер эле. Андан башка да куушунан келген кас таман тракторлор боло турган. Алар кичине эле кыйшайыш болсо кулап калчу. Ошонусун эске алыштыбы же айыл чарбасына ыңгайсыз болдубу, айтор өндүрүштөн алып салынды көрүнөт, таптакыр эле келбей калды. Айыл чарбасы үчүн соколор, малалар, жаңы-жаңы ат менен чөп чабуучу чөп чапкычтар (косилка) келчү. Айдоо талааларындагы тракторлорго соляркаларды жеткирүү үчүн, эки ат чегиле турган төрт дөңгөлөктүү арабаларды совхоздун усталарына жасатчу. Арабалардын узун эки жыгачтын ортосуна солярка куюлган 200 литрдик эки бочка узунунан жаткырылчу. Үкөгүнө тракторлорго керкетүү шаймандар салынып, үкөктүн үстүнө арабакеч отуруп алып тракторлорго соляркаларды тынбай ташып турар эле. Заңгыраган тамеки сарай, МТФ, аткана, уй сарай, койлор үчүн сокмо менен урулган кашарларды курдурду. Совхозго деп төөлөр, ийри мүйүздүү малдар, жылкылар, койлорду көбөйттү. Эсимде калгандары: Агроном – Лучко деген украин, мал доктур – Корней деген немец, ферма башкаруучу (управляющий) - Тазырбек, эсепчи - Варавин, талаа көзөмөлдөөчү (объезчик) - Шеримкул, тракторчулар - Лев Жирот, баласы Андрей, темир устаканачыны – чаар уста дешип койушчу - Густав, айылдык ооруканын дарыгери - Люба деген кыз-келини менен иштечү. Тамеки бригиадири Аязбек Эстебес уулу ж.б. көптөгөн кызматчылар боло турган. Башкы агроном аял киши эле, аты эсимде жок. Дайыма бир ат чегилген кара трашманке менен жүрчү. Директор үстү чатырлуу ГАЗ-69, калгандарынын мингендери ат боло турган. Талаа иштерине көбүнчө шаты менен үкөк арабалар колдонулуп, андан башка дагы 2-3 ГАЗ-АА (полуторка) деген кабинасы фанер, картон аралаш машиналардын бар эле. Талаадагы чөптөрдү көбүнчө ат кошулган чөп чапкыч менен чабышып, кургаган кезде шаты араба жана ГАЗ-АА (полуторка) менен айылдын этек жагындагы чоң дубал коргондун ичине таашытып жыйдыра турган. Ошол камдалган чөп, тоют катары кышкысын кайра малдарга таркатылып берилчү. Малчылардын көчүп-конгонуна төөлөр көп болгондуктан, эки өркөчтүү төөлөр жана жылкы баласы такай берилип турчу.

Кийин совхоздун башкармалыгына Ш.Садыков келип, кичинеден экономикасы өсүп бараткан чарбаны кабыл алып, андан да кыйын, бай чарбага айланткан. Ал убакта совхоздо сүт-товардык фабрика (МТФ) менен тамекенин күч алып турган убагы. Тамекичиликтин түйшүгү оор болуп, жазгысын парниктерге уруктар себилип, андан барып айдоо аянттарга көчөттөр отургузулуп, тынымсыз суугарылып турар эле. Жерден көтөрүлүп, жалбырактары тизүүгө жарап калгандан баштап, үзүү, тизүү, жайыуу, кургатылгандан кийин, түлкү кылып илүү иштери тыным алчу эмес. Кышкысын сорттоп, темир станокторго басылып (пресстелип), мамлекеткеттин тамеки заводуна өткөрүлө берчү. Жаңы келген директор Ш.Садыков, мурдагы тамеки бригидири Аязбек Эстебес уулунун ордуна, Кутман уулу Кимбилетти дайындайт. Ал иштеген күндөн тарта ишинин план-тапшырмалар аткарылып, жумушчулардын айлык маяналары көтөрүөт, Кутман уулу Кимбилет 1961-жылы бригадирликтен № 2 феманын башкаруучусу (управляющий) болуп дайындалат. Бул кызматта көп жыл аркалап турган убагында, № 2 ферманын бүтүндөй экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырган. 1971-жылы совхоздун директорлугуна Т.Сыдыков деген кыргыз жигит дайындалат. " Кайнарбек Бийлибаевдин эскерүүсүнөн.

Мектеп

Алгачкы мектеп Кум -Арык айылына 1930 - жылы Кенеш жети жылдык мектеби болуп уюшулган.

Калкы

Калкы ― 2202 киши (2009-жылы)[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]