Атай Огонбаев (айыл)

Отурукташкан жай
Атай Огонбаев
Район Кыргызстан
Координаттар 42°27′33″ с. ш. 72°20′53″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3 211 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Атай Огонбаев (айыл) (Кыргызстан)

Атай ОгомбаевКыргызстандын Талас облусунун Талас районундагы айыл. Калба айыл аймагына кирет.

Райондун борбору Көгой кыштагынан 21 км. Маймак темир жол бекетинен 140 км. Калба ж-а Бешташ сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 1427 м бийиктикте жайгашкан. Орто мектеп М. Козубекованын музейи, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, тери, кум, кыш, кымыз цехтери бар. Кыштакка Кыргыз Республикасынын эл артисти Атай Огомбаевдин ысмы коюлган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 3 211 киши[1]; негизинен дыйканчылыкта, багбанчылыкта, мал чарбасында эмгектенет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1