Мазмунга өтүү

Маймак

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Маймак
РайонКыргызстан
Координаттар42°40′51″ с. ш. 71°12′51″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1914
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы887[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Маймак (Кыргызстан)

МаймакКыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Маймак айыл аймагына кирет.

Кара-Буура районундагы шаарча (1950-жылдан), Асса суусунун боюнда жайгашкан. Районунун административдик борбору ― Кызыл-Адыр кыштагынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Маймак 1914-жылы пайда болгон. 1920-жылы анда темир жол бекети курулган.

Орто мектеп, бала-бакча, фельдшер-акушердик пункт, маданият үйү, китепкана, өнөр жай ишканаларынан “Максат” акционердик коому, почта, дан жана кант кызылчасын кабыл алуучу пункт бар. Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Маймак айыл өкмөтүнө Жоондөбө темир жол бекети да карайт.

Калкы ― 887 киши (2009-жылы)[1].