Жоон-Дөбө
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Жоон-Дөбө
|
Жоон-Дөбө (кырг. Жоон-Дөбө) — Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Ак-Чий айыл аймагына кирет.
Талас―Тараз унаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 895 м бийикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Кызыл-Адыр кыштагынан 3 км түш.-батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 13 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Орто мектеп, оорукана, кесиптик-тех. окуу жайы, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү, почта бөлүмү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын жерде 512-к-га таандык шаар чалдыбарынын калдыгы сакталган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 1 860 киши[1]; негизинен мал чарбасы менен алектенет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5