Кайнар (Кара-Буура району)
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Кайнар
|
Кайнар — Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Көк-Сай айыл аймагына кирет.
Деңиз деңгээлинен 1190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 65 км батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1364 (2007); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, соода түйүндөрү, тегирмен иштейт.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 1394 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5