Шекер (айыл)
Отурукташкан жай
Шекер
|
Шекер — Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Шекер айыл аймагына кирет.
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калкы ― 3573 киши (2009-жылы)[1]. Бардыгы кыргыздар жана Шекер уруусунан.
Кыскача тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Шекер айылы 20-кылымдын башында негизделген.
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Маданий жайлары[оңдоо | булагын оңдоо]
- Шекер айылындагы Күркүрөө клубунда Чыңгыз Айтматовдун музейи жайгашкан. Музей ар күнү саат 9:00дон 17:00го чейин иштейт.
- Музейдин түштүк-чыгышында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстелик орнотулган.
- Шекер айылындагы орто мектеп Төрөкул Айтматовдун ысымын алып жүрөт. Мектептин бет маңдайында Төрөкул Айтматовдун эстелиги жайгашкан.
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.