Биринчи Май (Бакай-Ата району)
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Биринчи-Май
|
Биринчи Май — Кыргызстандын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы айыл. Орос айыл аймагына кирет.
Райондун административдик борбору ― Бакай-Ата кыштагынан 28 км түндүк батыш тарапта. Жамбыл темиржол бекетинен 80 км. Деңиз деңгээлинен 1027 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1461 (2002); негизинен тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, ФАП, клуб, китепкана бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4