Атай Огонбаев, Талас району
Jump to navigation
Jump to search
Атай Огомбаев (Жерге – Тал) - Талас облусунун Талас районундагы кыштак. Калба айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Көгой кыштагынан 21 км. Маймак темир жол бекетинен 140 км. Калба ж-а Бешташ сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 1427 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2616 (2006); негизинен дыйканчылыкта, багбанчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп М. Козубекованын музейи, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, тери, кум, кыш, кымыз цехтери бар. Кыштакка Кыргыз Республикасынын эл артисти Атай Огомбаевдин ысмы коюлган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Арал | ![]() | |
Кызыл-Туу • Чыйырчык • Көк-Кашат | ||
Таш-Арык • Ак-Жар • Орто-Арык | ||
Көк-Ой | ||
Сасык-Булак • Кара-Ой • Кеңеш • Чоң-Токой | ||
Көпүрө-Базар | ||
Жон-Арык • Көк-Токой | ||
Кум-Арык • Козучак • Арашан | ||
Талды-Булак • Ак-Коргон | ||
Манас • Чат-Базар | ||
Үч-Эмчек | ||
Кара-Суу | ||
Калба • Атай Огонбаев • Балбал |