Маймак

Маймак, Кара-Буура району‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Маймак
Район Кыргызстан
Координаттар 42°40′51″ с. ш. 71°12′51″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1914
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 887[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Маймак (Кыргызстан)

МаймакКыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Маймак айыл аймагына кирет.

Кара-Буура районундагы шаарча (1950-жылдан), Асса суусунун боюнда жайгашкан. Районунун административдик борбору ― Кызыл-Адыр кыштагынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Маймак 1914-жылы пайда болгон. 1920-жылы анда темир жол бекети курулган.

Орто мектеп, бала-бакча, фельдшер-акушердик пункт, маданият үйү, китепкана, өнөр жай ишканаларынан “Максат” акционердик коому, почта, дан жана кант кызылчасын кабыл алуучу пункт бар. Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Маймак айыл өкмөтүнө Жоондөбө темир жол бекети да карайт.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы ― 887 киши (2009-жылы)[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]