Көк-Кашат, Талас району
Jump to navigation
Jump to search
Көк-Кашат, Талас району — Талас районундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Талас суусунун боюнда, 1700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 24 км чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 120 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1902 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта белгилүү комузчу Атай Огомбаев туулган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9