Роза Отунбаева

Википедия дан
Отунбаева, Роза Исаковна‎»‎ барагынан багытталды)
Роза Исаковна Отунбаева
Роза Исаковна Отунбаева
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын өткөөл кездеги президенти
желек
желек
июль 2010-жылы — 1-декабрь 2011-жылыы
Андан мурунку: Курманбек Салиевич Бакиев
Андан кийинки: Алмазбек Шаршенович Атамбаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын премьер-министри, убактылуу өкмөттүн жетекчиси
7-апрель — 17-декабрь 2010-жылы
Андан мурунку: Курманбек Салиевич Бакиев

Данияр Токтогулович Усенов

Андан кийинки: Алмазбек Шаршенович Атамбаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри
Февраль — Май 1992-жылы
Андан мурунку: Муратбек Сансызбаевич Иманалиев
Андан кийинки: Марат Назарбекович Саралинов (у.м. а.)
Эднан Өскөнович Карабаев
 
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Дини: Ислам
Туулган жылы: 23-август 1950-жыл
Туулган жери: Ош шаары Кыргызстан
Атасы: Исак Отунбаев
Апасы: Салийка Даниярова
Балдары: уулу: Атай Садыбакасов
кызы: Карачач Садыбакасова
Партиясы: партияда катталган эмес
Билими: М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети
Илимий даражасы: философия илимдеринин кандидаты
Кесиби: саясатчы, философ
Ишмердүүлүгү: коомдук ишмердик
 
Сайты: http://www.roza.kg/
 
Сыйлыктары:

«Кызматтагы каармандыгы үчүн» медалы, ж.б.

Роза Исаковна Отунбаева (2012)

Ро́за Иса́ковна Отунба́ева (23-август 1950, Фрунзе, Кыргыз ССРи) – кыргыз саясатчысы жана дипломат, Кыргызстандын оппозициячыл Социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясынын лидери. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын натыйжасында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы болуп калды. 2010-жылдын 19-майында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн декрети менен өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын Президенти болуп жарыяланды. Бул декретке ылайык Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. 2010-жылдын 27-июнундагы Конституциянын жаңы текстин кабыл алуу боюнча референдум аны КР Президенти катары бекитти. Кыргызстандын алгачкы аял-президенти жана азырынча КМШ өлкөлөрүндө президенттин кызмат ордун ээлеген жападан жалгыз аял. Эң жаңы тарыхта мусулман калкы басымдуулук кылган өлкөдө экинчи аял-президент (биринчиси – Мегавати Сукарнопутри, 2001—2004-жылдары Индонезиянын президенти). Бул кызмат ордун 2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев кызматка киришкенге чейин ээлеп турду.

Өмүр баяны

Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта Бишкек шаарында  туулган (ал учурда Фрунзе) (айрым булактар туулган жери катары Ош шаарын көрсөтөт). Улуту боюнча кыргыз. Мектепти Ош шаарында алтын медаль менен бүтүргөн.

1972-жылы МГУнун философиялык факультетин бүтүргөн жана МГУнун аспирантурасына тапшырган. Германияда стажировкадан өткөн.

1975-жылы Москвада «Франкфурт мектебинин философтору марксисттик-лениндик диалектиканы бурмалагандыгын сындоо» диссертациясын жактагандан кийин философия илимдеринин кандидаты болуп калган.)

1975—1981-жылдары Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыр Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) иштеген.

1981-жылы КПССтеги партиялык ишке өткөн – партиянын Кыргызстан Ленин райкомунун экинчи секретары, 1983-жылдан тартып – Фрунзе шааркомунун секретары.

1986—1989-жылдары – Кыргыз ССР Министрлер Советинин председателинин орун басары, тышкы иштер министри.

1989—1991-жылдары – СССР ТИМдин коллегия мүчөсү, СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин рангы бар, СССРдин ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясынын жооптуу секретары, ал эми 1990—1991-жылдары СССРдин ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясынын председатели.

СССР кыйрагандан кийин Кыргызстанга кайтып келген жана көзкарандысыз Кыргызстанда жогорку кызмат орундарында иштеген.

1992-жылы көзкарандысыз Кыргызстандын вице-премьер министри – тышкы иштер министри болуп дайындалган, ал эми ошол эле жылдын июлунда КРнын АКШдагы жана Канададагы элчисинин ишине киришкен. 1994-жылдын майында мекенге КР тышкы иштер министринин кызмат ордуна кайрып келген.

1997-жылы, Роза Отунбаеванын айтымы боюнча, ал Аскар Акаев андан ары иштөөнү өтүнгөнүнө карабастан, өкмөттөн кетүүнү чечкен.

1997-жылдан тартып – КРнын Улуу британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы. Элчиси.

2002-жылдын майынан тартып – БУУнун Башкы катчысынын Грузия/Абхазия жаңжалын жөнгө салуу боюнча атайын өкүлүнүн орун басары.

2004-жылы парламенттик шайлоонун алдында КРга кайтып келген жана «Ата-Журт» оппозициялык кыймылын түзгөн. Кыймылдын лидерлери болуп кыргыз парламентинин депутаты, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев жана Роза Отунбаева шайланган.

Биринчи жаңжал Р.Отунбаеванын ысмы менен байланышкан, ошондон кийин өлкөдө революция болушунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеп жүрө баштаган. 2005-жылдын январында ал бир күндүн ичинде адегенде депутаттыкка талапкер кылып каттаган, андан соң шайлоо жөнүндө мыйзамда аныкталган мезгил аралыгында өлкөнүн аймагында жашоо жөнүндө пункт бузулду деген шылтоо менен каттоосунан ажыраткан. Оппозициянын пикири боюнча, расмий Бишкек ушундай түрдө борбордун Университет шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн презденттин кызы Бермет Акаевага жол тазалаган.

Роза Отунбаева оор басырыктуу саясатчы деп эсептелет, Кыргызстанда 1989-жылдын аягынан тартып таанымал болуп калды.

Кыргызстанда 2005-жылдын мартында болуп өткөн жана республиканын президенти Аскар Акаевди кулатууга жана анын ордуна Курманбек Бакиевди алып келген Мандалак революциясынан кийин кайрадан өлкөнүн тышкы иштер министринин кызмат ордуна дайындалган.

2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодон кийин кыргыз парламенти Роза Отунбаеванын ТИМдин башчысынын кызмат ордуна талапкерлигин бекиткен эмес. 2005-жылдан тартып 2007-жылга чейин «Асаба» партиясынын тең төрагасы.

2007-жылдын декабрынан тартып – Кыргыз парламентинин депутаты жана Кыргызстандын оппозициялык Социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясынын мүчөсү, 2009-жылдын октябрынан тартып – ушул парламенттик фракциянын жетекчиси. 2010-жылдын 21-майында ага өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктары берилгенден кийин партиядан кеткен.

2010-жылдын 7-апрелинен тартып Убактылуу Өкмөткө башчылык кылган. Референдум аны өткөөл мезгилге Президент кылып бекитти, 2011-жылдын 1-декабрында жаңы Президент шайлангандан кийин ал өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө тапшырып, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө жол ачты.

2011-жылдын февралынан тартып «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна башчылык кылат. Фонддун негизги максаты Кыргызстандын социалдык, саясий, экономикалык өнүгүшүнө түрткү берүүчү программаларды жана долбоорлорду демилгелөө жана ишке ашыруу болуп саналат.

Кыргыз, орус, англис жана немец тилдерин билет.

Сыйлыктары:

·       Франциянын Ардактуу Легионунун Ордени (Франция, 2012-жыл)_____ «демократияны жана адам укуктарын коргоо маселелерине сиңирген зор эмгеги үчүн»

·        Полярдык жылдыз Ордени (Монголия, 2012)

·       Италиянын Минерва сыйлыгы (Италия 2015) - «Кыргызстандагы жогорку институционалдык ролу жана эл аралык планда тынчтыктын жана демократиянын пайдасына туруктуу иши үчүн»

·       Newsweek Daily Beast версиясы боюнча дүйнөнүн 150 таасирдүү айымы (2012)

·       Аялдардын Глобалдык Саммитинин Гранд сыйлыгы (2012)—«лидерлик үчүн (Афины, Греция)»

·       Apolitical версиясы боюнча дүйнөнүн 100 таасирдүү адамы - «Роза Отунбаева британиялык Apolitical изилдөө уюмунун тизмесине ылайык 2018-жылы гендердик саясатты алга илгерилетүү жагынан дүйнөнүн 100 таасирдүү адамынын тобуна кирди»

·       Каармандыгы үчүн эл аралык айымдар сыйлыгы, АКШнын Мамдепартаменти, 2011.

·       “Search for Common Ground 2018” сыйлыгы –  «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» деген тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөдөгү эң ири уюм тарабынан 2018-жылдын 1-ноябряында тапшырылды, Нью Йорк, АКШ»

·       Кувейт сыйлыгы 2019 «жарандык коомдун, мамлекеттик жана жеке секторлордун жашоосун жакшыртууга кошкон салымы үчүн» коомду өнүктүрүүгө салым кошкон жана стратегиялык көз карашы бар, иште инновациялык жана чыгармачыл ыкмаларды колдонгон айымдарга ыйгарылат.

·       Кыргыз Республикасындагы, КЭРдеги жана Казакстан Республикасындагы ондогон университеттердин профессору болуп саналат.

Үй-бүлөсү

Кыргызстандын Жогорку сотунун мүчөсү Исак Отунбаевдин жана мугалим Салийка Даниярованын үй-бүлөсүндөгү сегиз баланын экинчиси.

Карачач деген кызы жана Атай деген уулу бар.

Бир тууганы Болот Исакович Отунбаев — дипломат, 2019-жылдын 15-январынан тартып Кыргызстандын АКШдагы элчиси.

Эмгектери

Ал тууралуу эмгектер жана чыгармалар

  • Бектурганова Кульбюбю Арыковна. Дочери земли кыргызской. – Б.: «Бийиктик», 2007. — 336 с. + 16 с. - ISBN 978-9967-13-319-8.

Интернеттеги шилтемелер