Москва мамлекеттик университети
Москва мамлекеттик университети (ММУ), толук аталышы ― М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (орус. Московский государственный университет имени М.В. Ломоносова, кыскасы МГУ) ― Орусиядагы эң эски жогорку окуу жайлардын бири (1755).
Кыскача таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мөскөө мамлекеттик университети падышалык Орусыяда 1755-жылы түзүлгөн.
1917 ― Москва мамлекеттик университети деп аталып калган.
1940 ― «М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети» аталышын алган.
ММУ жана Кыргызстан
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ММУдан совет доорунда жана пост-советтик мезгилде жүздөгөн кыргызстандыктар таалим алып, кандидаттык жана доктордук диссертацияларын коргошкон.
Алардын арасында тарыхчылар Чынара Жакыпова, Нарынбек Алымкулов, жана башкалар бар.
Азыр да бул окуу жайда иштеп жаткан кыргызстандыктар бар.
Алардын арасында - мурдагы президент, академик Аскар Акаев.
Учурда ММУ - Орусиядагы эң мыкты (№ 1) университет.
Дүйнөлүк рейтинг
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ММУ жалпы КМШ аймагындагы мыкты университеттердин алдыңкы сабында турат.
Ал эми дүйнөдө ал алдыңкы 150 университеттердин бири.
2012-жылы ММУ дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин катарына кирбей калды.
“Таймс” журналы түзгөн мыкты 100 университеттен Москва мамлекеттик университетинин 2012-жылы чыгып калуусун кыргыз илимпозу Алтай Бөрүбаев критерийдин кемчилигинен жана кандайдыр бир саясий оюндардан көрөт.
"Критерий бир жактуу каралган. Бул жерде да “саясат жыттанып” тургансыйт. Себеби былтыр 33-орунда турган Москва мамлекеттик университети быйыл 100 эң мыктынын тизмесине кирбей калуусу мүмкүн эмес. Бир жыл ичинде Ломоносов атындагы университетте илимий изилдөө төмөндөп кетти, же билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетти дегендин өзү - абсурд".
Академик Бөрүбаевдин пикирине кыргыз парламентинин мүчөсү Равшан Жээнбеков кошулбайт:
“Рейтинг чыгарууда саясат бар” деген туура эмес көз караш. АКШнын университеттери теориялык жактан да, практикалык жактан да дүйнөдө эң мыкты. Муну ЖОЖдорго илим-билимдин сапаты жагынан баа берген журналдардын, илимий борборлордун изилдөөлөрү эмес, практика да көрсөтүүдө. Мисалы, Орусыянын ЖОЖдоруна дүйнө жаштары аз барышат да, Батыштын, өзгөчө, АКШнын ЖОЖдоруна көп барышат. Себеби аларда сапаттуу, дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде конвертация болчу (таанылган) дипломдор берилет".
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Факультет журналистики Московского государственного университета им. М.В.Ломоносова. Faculty of journalism Lomonosov state university = Faculty of journalism Lomonosov state university: фотоальбом / сост. текста: М.Е.Аникина, Г.В.Прутцков, Е.В.Сартаков; фот.: Г.А.Шпикалов, Д.Д.Линников. – М. – 2012. – 87 с.
- Ежегодник-2011. Краткий отчёт о состоянии и действиях Московского государственного университета им. М.В.Ломоносова за 2011 г. – М. – 2012. – 784 с.
- Из творческого наследия профессоров и питомцев Московского университета. 1755–1917: антология / сост. И.В.Петровицкая. – М. – 2012. – 464 с.
- История Московского университета. Вторая половина XVIII – начало XIX в. Т. 2 / сост., авт. вступ. статей и примечаний Д.Н.Костышин. – М. – 2011. – 376 с.
- Лауреаты премий имени М.В.Ломоносова. 1944–2010. К 300-летию со дня рождения М.В.Ломоносова / авт.-сост. Е.В.Ильченко. – М. – 2011. – 616 с.
- Музей истории Московского университета / под общ. ред. А.С.Орлова. – М. – 2011. – 67 с.
- Новоселье биологов МГУ на Ленгорах / сост. Л.И.Лебедева. – М. – 2011. – 734 с.
- От недр своих...: стихи выпускников, преподавателей и сотрудников геологического факультета. – М. – 2011. – 250 с.
- Первые профессора и питомцы Московского университета – писатели, журналисты, издатели. 1755–1917: буклет / сост. И.В.Петровицкая. – М. – 2012. – 195 с.
- Сердюцкая О.В. Историография отечественного университетского образования // Высшее образование в России. – 2011. – №8–9. – С. 141–146.
- Садовничий В.А. Высокая планка МГУ: интервью // Ректор вуза. – 2012. – №7. – С. 4–11.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.azattyk.org/content/world_top_university_times_higher_education_range/24529078.html
- http://rudocs.exdat.com/docs/index-172594.html Archived 2021-10-23 at the Wayback Machine
- http://www.msu.ru/en/
- http://www.msu.ru/resources/ Archived 2021-10-06 at the Wayback Machine
- http://letopis.msu.ru/
- http://www.univer-rating.ru/rating_common.asp?per=3 Archived 2011-11-25 at the Wayback Machine