Николай Коперник
Mikołaj Kopernik | |
Туулган жылы: | |
---|---|
Каза болгон жылы: | |
Каза болгон жери: | |
Илимий чөйрөсү: | |
Иштеген жери: | |
Альма-матер: | |
Белгилүү окуучулары: | |
Белгилүү болгондугу: |
дүйнөнүн гелиоцентрикалык системасы, Коперник закону |
Белгилүү болгондугу: |
дүйнөнүн гелиоцентрикалык системасы, Коперник закону |
Кол тамгасы |
Коперник Николай (1473-1543) Астроном.
Үй-Бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Николай Коперник 1473-ж. Польшадагы Торуни шаарында бай соодагердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, апасы шаардык соттун кызы болгон. Он жашка чыкканда атасынан ажырап, таекеси Лукаш Ваченеронун тарбиясында калган. Таекеси 1489-ж. Вармий облусунун епискобу болуп шайланган.
Окуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ваченеро Николайды агасы менен бирге 1491-ж. Краков университетине окууга жиберет. Астрономияга кызыгып калышына окуган жылдарда болгон астрономиялык кубулуштар себепкер болгон: үч жолу күн тутулуусу, кометанын көрүнүшү. Юпитер менен Сатурндун биригүүсү (арасындагы бурчтук аралыктардын кичирейүүсү). Бул кубулуштарга студенттер байкоо жүргүзүп, талкууларды өткөрүшкөн.
Изилдөөлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Краков университетин бүткөндөн кийин таекеси дин укуктарынын докторлук даражасын алуу үчүн Италиянын Болонье университетине окуусун улантууга жиберет. Болоньеде бир катар астрономиялык байкоолорду жүргүзүп, Птолемейдин "Альмагестин" үйрөнөт. 1500-жылы Падуан университетинде медицинадан сабак алып, Аристотель менен Птолемейдин эмгектерин байыркы грек тилиндеги түп нускасынан окуп чыгат. Дин илиминин доктору деген наам алып, 30 жашында Польшага кайтып келет. Вармии обласынын епископтор админстрациясын мүчөлүгүнө шайланып, таекеси Лукаштын катчысы жана врачы милдетин аткарат. 1512-ж. Лукаш каза болгондон кийин Форумборктогу кафедралдык соборго кызматка которулат. Собор бекем дубал менен курчалып, бийик мунарасы болгон. Жашоого ыӊгайсыз болсо да мунаранын эӊ үстүнкү кабаттагы батыш жагындагы бөлмөнү жумуш кабинетине тандап алат. Бул кабинеттен асмандын башка бөлүгүн байкай турган аянтчага чыгууга тепкич да болгон. Коперник өз колу менен бурч ченегич приборлорду жана армилярдык сфераны жыгачтан жасап алат. Форумборктун аба ырайынын шарты жана географиялык абалы байкоого ынгайсыз болсо да, "Асман сферасынын айлануусу" деген залкар эмгегин жазууга зарыл байкоолорду жүргүзүүгө шарт түзүп алган.
Коперник изилдөөсүн Птолемейдин геоборбордук системасынын жөнөкөйлөтүлгөн кыймылдуу моделин жасоодон баштаган. Планеталардын илмек сымал кыймылын моделде чагылдырууга мүмкүн болбогондон кийин бардык философдордун дүйнөлүк сфералар жөнүндө китептерин кайрадан тереӊдеп окуй баштайт. Архимеддин эмгектеринен Аристархтын гелиоборбордук системасы жөнүндө окуп, акырына чейин жеткирүүгө бел байлайт. Евдокустун жана Птолемейдин геоборбордук системасы планеталарга чейинки аралыктарды эсептөөлөргө дал келбей коёт. Системанын борборуна Күндү жайгаштырганда аралыктардын пропорциясы аныкталган аралыктарга дал келе баштаган.
1515-ж. Коперниктин "Асман телолорунун кыймылына байланышкан гипотезага кичи комментария" деген эмгегинин кол жазмасы пайда болгон. Бул эмгекте сфералык тригонометриянын өнүгшүнө чоӊ салымын кошкон. Синустардын таблицасын түзүү ( синус деген термин колдонбой жактардын катыштары боюнча аныктаган) үчүн 324 миӊ эсептөөнү жүргүзүп, ондук үлүштү 7-орунга чейин эсептеген. Коперниктин "Асман сферасынын айлануусу" китебинде планеталар Күндүн айланасында тегерек орбита боюнча бир калыпта айланат деп жазган. Жаӊы түзүлгөн гелиоборбордук система Птолемейдин системасындагы татаалдануудан арылып, планеталардын кыймылын үйрөнүү бир кыйла жөнөкөйлөп калды. Коперниктин системасынын кинематикасы Кеплердин закондору менен такталып, динамикасы Ньютон тарабынан бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону менен иштелип чыккан.
1514-ж. 1-декабрда Римде Католик чиркөөсүнүн чогулушу өткөрүлүп, Коперниктин досу Б.Скульетети катышкан. Чогулушта жазгы күн-түн теӊелген күн календардан 10 күнгө жылып кеткендигине байланыштуу календардык реформа маселеси талкууланган. Бул маселе боюнча комиссия түзүлүп, эксперттик топтун катарына Коперник кирген. Комиссиянын сунушу менен окумуштуулар жылдын узактыгын тактай баштаган. Коперник аныктаган жылдын узактыгы 365 сутка 5 саат 49 мин 16 с аныкталып, бул ченөө 1582-жылдагы календардык реформанын негизи болгон. Азыркы кездеги маанисинен 28 с гана ашык болгон.
Коперник Аристарх сунуш кылган дүинөнүн гелиоборбордук системасын байкоонун жана ченөөнүн негизинде, логикалык жөнөкөйлүктүн жана эстетикалык симметриянын негизинде далилдөөгө жетишкен. Анын "Асман сферасынын айлануусу" деген эмгегинде бир да байкоолор жана ченөөлөр жөнүндө айтылган эмес. Бул эмгегинде: "Чындыгында, планеталар Жерге жакындап жана алыстап турат. Ошондуктан, Жерди бул айлануу кыймылынын борбору деп айтууга болбойт. Пифагорчу Филолай айткандай Жер деле башка планеталар сыяктуу кыймылдайт. Корабль порттон кетип жатканда шамал жок болсо байкоочу өзүн тынч абалда сезип, жээктегилер кыймылдап жаткандай көрүнгөн сыяктуу Жер да кыймылдабай тургандай сезилип, Аалам аны айланып жаткандай көрүнөт", - деп түшүндүргөн. Филолайдын (б.з.ч. 470-388) пироборбордук системасында (пир-от, борборунда от турган система) Ааламдын борбору фантастикалык Дүйнөлүк От жайгашып, Күн, Жер жана планеталар анын айланасында тегеренет деп эсептеген. Филолайдын пироборбордук системадагы Дүйнөлүк Оттун ордуна Коперник Күндү койгон. Байыркы грек окумуштуусу Аристархтын гелиоборбордук системасын логикалык жактан далилдөө менен табият таанууда илимий төӊкөрүш жасаган. Дүйнөнүн борборунда Күн жайгашкан деген пикирди XI к. Беруни да сунуш кылган менен толук далилдеген аргументтерди келтире алган эмес, экинчиден, кескин айтылган жаӊы пикирди колдогон илимий чөйрө калыптана элек болчу.
Коперниктин теориясына католик чиркөөсү башында мээлүн кабыл алган, протестанттар "акыл-эстин мокочосу" деп эсептеген. Мартин Лютер бул жаӊы көз карашка: "Айбан гана искусство менен астрономияны баш ылдый коюуну каалайт",- деген жообун берген.
"Асман сферасынын айлануусу жөнүндө"
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Асман сферасынын айлануусу жөнүндө" китеп 1543-жылы автор катуу ооруп жатканда басмадан чыгып, китепти колуна алгандан бир нече сааттан кийин каза болгон. Коперниктин бул эмгеги бат эле окурмандарын таап, астрономиянын буркандаган доору башталган.
Католик чиркөөсү 1616-ж. китептин таралуусуна Рим папасы тыюу салып, 1828-жылы гана бул буйрукту жокко чыгарган.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.