Механика

Wikipedia дан

Механика (гр. median ike — машиналар жөнүндө илим, машина жасоо өнөрү) — материалдык нерселердин мех. кыймылы жанa алардын өз ара аракеттениши жөнүндөгү нлим.

Нерсе­лердин же алардын бөлүктөрүнүн мейкиндиктеги абалынын өзгөрүүсү мех. кыймыл деп аталат. Ага табияттын (планета, жер кыртышы, суюктук, газ, молекуланын) жанa техниканын ар түрдүү кыймылдары мисал болот.

Жалпысынан Механика деп Ньотондун механика закондоруна негизделген классикалык Механика альшат. Анын негиз­ги максаты - жарык ылдамдыгынан аз ылдамдыкта кыймылдаган мате­риалдык нерсенин (элементардык бо- лүкчөлөрдөн башка) кыймылын изилдөө. Ылдамдыгы жарык ылдамдыгына жакын нерселердин кыймылы салыштырмалуулук теориясында, ал эми элементардык бөлүкчөлөрдүн кыймылы жанa атомдордун ичиндеги кубулуштар квант механикасында каралат. Механикада реалдуу нерселердин айрым касиеттерин туюндура турган материалдык чекит, абс. катуу нерсе жанa туташ өзгөрмөлүү чөйрө де­ген абстракттуу түшүнүктөр киргизилет. Ушуга ылайык Механика материал­дык чекиттин. материалдык чекиттер системасынын, абс. катуу нерсенин, туташ чөйрөнүн Механикасы болуп айырмаланат. Изилденүүчү маселелердин мүнөзүнө карата Механика статика, ки­нематика жанa динамика бөлүмдөрүнө ажыратылат.

Механиканын маселелерин чечүүдө матем. методдор менне эксперимент изилдөөлөр кеңири колдонулат. Мех. кый­мыл баш ийүүчү негизги закондор менен принциптер жалпы, б. а. теориялык Механикада окулат. Механиканын өз алдынча маанилүү бөлүмдөрү: термелүүлөр теориясы, тең салмактуулуктун туруктуулугу, кыймылдын туруктуулук теориясы, гироскоп тео­риясы, массасы өзгөрмө нерселердин механикасы, автоматтык жөндөө тео­риясы тео­риясы, сокку теориясы ж. б. Механика физиканын башка бөлүмдөрү, астроно­мия менен тыгыз байланышта болуп, техниканын ил. негиздеринин бирин түзөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.