Машина

Википедия дан

Машина (французча machine) – энергия, материал жана маалыматты (информацияны) өзгөртүп түзүп, механикалык жумуш аткаруучу түзүлүш. Машина адам эмгегин жеңилдетет жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат, аны жарым-жартылай же толук алмаштырат. Аткарган жумушуна карата машина энергетикалык, жумуш аткаргыч жана маалыматтык (информациялык) болуп бөлүнөт. Энергетикалык машина – энергиянын ар кандай түрүн механикалык энергияга айландыруучу машина-кыймылдаткыч; мисалы, электр кыймылдаткычы, ичинен күймө кыймылдаткыч, турбина, поршендүү жана буу машиналары ж. б. Жумуш аткаргыч машина технологиялык жана транспорттук болуп бөлүнөт. Технологиялык машинада катуу, суюк жана газ абалындагы материалдардын формасы, касиеттери жана мейкиндикте ээлеген орду өзгөртүлөт. Алар металл кескич станок, кездеме токуучу станоктор, айыл чарба машиналары, полиграфиялык машина ж. б. Транспорттук машиналар материалды (нерсени) бир жерден башка жерге ташыйт, мисалы, көтөргүч кран, эксковатор, конвейер, автомобиль, станок, кеме ж. б. Маалыматтык машиналар – маалыматты өзгөртүп түзөт. Эгерде маалымат сан түрүндө берилсе, анда эсептегич машина деп аталат. Мисалы, арифометр, механикалык интегратор, калькулятор, эсеп-кысап (бухгалтериялык) ж. б. машиналар. Машина энергияны, материалды, информацияны өзгөртүп түзүүлөрдүн бардыгын адамсыз аткарса, автомат машина же автомат деп аталат. Автомат машина адам эмгегин жеңилдетип, эмгектин жогорку өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылат. Өндүрүшчүлөргө бир унаа моделге баардык долбоорлоо идеясын ишке ашырууга Suites сунуш. Бирок, бул буюмдар олуттуу кемчилик бар - абдан кымбат. Кээ бир учурларда, мүлктүк чечпей комплексин баасы арзан баадагы эритмесин түп топтому менен окшош болушу мүмкүн.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Айланма тандоо үчүн оюн кандай - түп нускасын же бир үлгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]