Апрель революциясы

Википедия дан
Кыргызстандагы төңкөрүш (2010)‎»‎ барагынан багытталды)
Апрель революциясы
Burning truck bishkek protests.jpg
Өлкө

 Кыргызстан Бишкек

Датасы

7-апрель 2010 жыл

Себептери
  • Электр жарыгынын кымбатташы
  • Байланыш оперторлорунан кошумча төлөмдөрдүн алынышы
Негизги максаты

К.Бакиевдин тобун (бийлигин) кулаттуу

Жыйынтыгы

Убактылуу бийликке Р.Отунбаева олтурган.

Жыйынтыктары

Ишкана, Дүкөндөр жабыр тартып, Өлкөнүн түштүгүндө жарандык уруш болуп, Ош окуясы тутанган

Каза болгондор

87 адам (7-апрель)
118 адам (жалпысы)

Жаракат алгандар

Анык саны такталбаган.(белгисиз)

Камакка алынгандар

97 адамга (кылмыш ишин козгогон)
Толук камакка алына элек

Апрель революциясы, расмий түрүндө ― Апрель Элдик революциясы ― 2010-жылдын апрель айында ал учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразычылыктан болгон бийлик алмашуу.

Бишкек.

Оппозиция өкүлдөрүнүн революциялык кадамдары жыйынтыгында Бакиевдин бийлигинин кулашына жана Убактылуу өкмөттүн колуна өтүшүнө алып келген. Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган.

Толкундоолор 6-апрель күнү 2010-жылы Талас шаарында башталып, коопсуздук кучтөрү менен кагылышууга алып келген. Кийинки күнү Кыргызстандын бардык аймагын кучагына алып, эл президент Бакиевдин отставкага кетүүсүн талап кылган. Көптөгөн маанилүү имараттарын элдин колуна өтүшү менен Бакиев өзүнө кол чогултуу үчүн түштүктү көздөй качат.

Министрлер кабинети отставкага кетет, бийликти Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөттүн колуна өтөт. 15-апрелде Бакиев Кыргызстандан качып, коңшу Казакстанга барат. Ал жактан отставкага кеткендиги тууралуу арыз жазган. 19-апрель күнү Беларусияга качат, ал жактан президент Александр Лукашенко баш паанек берген.

Убактылуу өкмөт Бакиевди массалык өлтүрүүлөрдү уюштургандыгы жана бийликти толугу менен басып алгандыгы үчүн айыптап, 22-апрелде жаңы конституциянын иштеп чыгуу маселесин карап, аны референдумга коюу жана 2010-жылы октябрь айында парламенттик шайлоолорду өткөрүү тууралуу маселелерди караган.

Революциянын чыгуу себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда 2010-жылы болгон революциянын чыгуусуна төмөнкү факторлор себеп болгон:

  • Турмуш деңгээлинин төмөндөшү жана узакка созулушу
  • Өлкөнүн калкынын экономикалык жана жашоо деңгээлинин олуттуу төмөн түшүп кетиши.
  • Өлкөнүн калкынын белгилүү бир бөлүгүнүн маргиналдашуусу.
  • Мамлекеттеги мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот-адилет бийлигинин бир адамдык колуна топтолушу (авторитаризм).
  • Мамлекеттик башкарууда кыргыз коомчулугуна тийешелүү болгон, мамлекет-бийлик мамилелериндеги региондук кландуулук, уруулук-трайбалисттик белгинин күч алышы.
  • Кадр саясатында жердешчилдик, берилгендик (фаворитизм), туугандык (кумовство), паракорчулук сыяктуу жаман илдеттердин орун-очок алышы[1].
  • Коомчулуктун коммуналдык жана башка кызматтардын (Электр энергиясы, борбордук жылуулатуу жана ысык суу менен камсыз кылуу, газ менен камсыз кылуу, мобилдик байланыштар) тарифине болгон баанын чукул көтөрүлүшү.

Буга байланыштуу Бишкекте 17-март күнү оппозиция өкүлдөрүнүн курултайы (съезд) болуп өткөн. Анда бийликке 7 талап коюлган: Электр энергияга болгон тарифтерди арзандатуу, уюлдук байланышка кошумча киргизилген 60 тыйындык төлөмдү алып салуу, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке аралашуусун токтотуу баш болгон, анын ичинде Максим Бакиев жетектеген ӨИИБАны (ЦАРИИ) жоюу сыяктуу талаптар коюлган. Бул талаптардын аткарылышына бир апта мөөнөт берип, бирок эч кандай аракет болбогон соң аягы 7-апрелдеги кандуу окуя менен бүткөн.

Президент Курманбек Бакиев, 2009 жыл

Мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликке 2005-жылы «Жоогазын революциясынан» кийин келген. Акаевдин убагында Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң кедей мамлекет катары белгилүү болуп калган. Андан кийинки келген президент коррупцияны жоюп, өлкөдө стабилдүүлүктү орнотууну убада кылган. Бирок критиктердин жана оппозииянын айтымында берген убадаларын аткарбай, мыйзам бузуу жолдору менен авторитардык режим орноткон. 2007-жылы болуп өткөн парламенттик шалоолордо Бакиевдин «Ак жол» партиясы жеңишке жеткен. Бирок ал шайлоо таза өткөн жок, бир катар чет өлкөлүк байкоочулардын билдирүүсү боюнча, шайлоо демократиялык стандарттарга туура келген эмес. Эки жылдан кийин ал кайрадан президент болуп шайланган[2].

Оппозиция президентти коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу жана көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын басуу, токтотуу боюнча күнөөлөп чыккан. 2010-жылы баласы Максим Бакиевди ӨИИБАга (Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик) башчылыкка дайындайт[3]. Иниси Жаныш болсо армия, милиия жана коопсуздук кызматтарын көзөмөлдөгөн. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттер өлкө ичинде жумушсуздук, жашоо шартынын төмөндөшүнө жана паракорчулукту жайылтууга алып келген (2009-жылы, Transparency International  уюмунун маалыматына караганда Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 162-орунда болгон).

Бийлик тарабынан чындыкты айткан журналисттерди куугунтуктоо күчөп, июль айынын башында милициянын кызматкери журналист Алмаз Ташиевди ур-токмокко алган жана оор жаракатынан улам Ташиев көз жумган. Бийликтин айтуусу боюнча журналист менен милиция кызматкери ортосунда жеке мушташ чыгып, укук коргоо кызматкери жумуштук кызматта болгон эмес. Ошол эле жылдын декабрь айында Казакстандын Алматы шаарында кыргыздын чыгаан журналисти, Бакиевдик бийликти активдүү сындап келген жана жаңы оппозициялык гезитти чыгарууну пландап жаткан Геннадий Павлюк өлтүрүлгөн. Павлюк колу-буту байланган бойдон көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан ыргытылган жана 6 күндөн кийин ооруканада эсине келбей каза болгон. Бул иш тууралуу Чек арасыз репортерлор уюму жана Эл аралык пресса институту бийликке таза иликтөө талабын койгон[4].

2010-жылы январь айынын башында оппозиция Исмаил Исаковду (мурдагы коргоо министри) коррупция боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылганына каршы эки жумага созулган ачкачылык акциясын баштап, бийликтин «саясий репрессиясын» токтотууга чакырган. Оппозициянын маалыматына ылайык, 2006-жылдан бери журналисттерге каршы 60 жолу кол салуу, коркутуу окуялары катталган[5].

Ошол эле жылдын март айында оппозиция маанайчыл «Ачык саясат» жана «Назар» гезиттеринин президенттин мыйзамсыз бийликке келгендиги тууралуу макалалары жарялангандан кийин алардын чыгуусуна тыюу салынып, 82 миң евро өлчөмүнө айыпка жыккан.

3-апрелде Бишкекте адам укуктарын коргогон активисттер тобу БУУнун имаратынын алдында уюмдун баш катчысы Пан Ги Мундун Орто Азияга алгачкы жолку келүүсү учурунда каршылык акциясын өткөрүшкөн жана кат жолдошкон. Ал катта Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу жана ММКнын эркин иш алып баруусуна тоскоолдуктар болуп жаткандыгы айтылган. Пан Ги Мун өз кезегинде кыргыз бийлигин адам укуктарын сактоого чакырган[6].

Окуялар хроникасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

6-жана 7-апрелдеги төңкөрүштөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көтөрүлүшчүлөрдүн Ак Үйгө кириши, 7-апрель 2010-жыл.
Таласта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төңкөрүш 6-апрель күнү Таласта митингден кийин облустук администрациянын имаратын басып алуу менен башталган. Өлкөнүн ички ичкер министри Молдомуса Конгантиев оппозициялык «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү Болот Шер-Нияздын кармалгандыгын билдирген. Элдин нааразычылыгынан улам, эл өкүлү бошотулган, бирок жоон топ эл Обландминистрациянын имаратына карай жол тартышкан.

Ушул эле күнү кечинде Өкмөт эки самолет жана беш вертолет менен 200 коопсуздук кызматкерин басып алынган имаратты жана губернаторду бошотуу үчүн жиберген. Операцияны башкаруу вице-премьер-министр Акылбек Жапаровго жүктөлгөн. Саат 21.00дө атайын операция жүргүзүлүп, жыйынтыгында губернатор бошотулуп, бирок имаратты колго ала алган эмес[7]. Укук коргоо органдарынын күч көрсөтүүсүнө жооп катары митингчилер таш, таяк сыяктуу куралдарды колдонушкан. Андан тышкары, көтөрүлүшчүлөр облустук ИИБдин имаратын да басып алууга аракет жасашкан. Оппозиция «альтернативдик губернатор» катары - Шералы Абдылдаевдин жана анын орун басарына - «Ата-Мекен» оппозициялык партиясынын өкүлү Койсун Курманалиеванын шайлангандыгын билдирген[8].

Премьер-министр Данияр Үсөнов тез аранын ичинде Таласка Ички иштер министр М.Конгантиевди жиберет. Бирок аны оппозициянын өкүлдөрү кармап алышып, катуу ур-токмокко алган. Кээ бир маалыматтарга караганда Конгантиев алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Бирок бул маалыматтарды оппозиция четке каккан. Андан кийин мурдагы минимтр Кыргызстандын аймагында жүргөнүн жана соттун алдында жооп берээрин билдирген. Бир нече күн өткөндөн кийин Конгантиевди аялы 40 миң долларга сатып алып жана Казакстандын аймагына жашыруун чыгып кеткендиги тууралуу маалымат ачыкка чыккан[9].

Бишкекте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийлик көтөрүлүшкө катуу даярданган: саясатчыларды жана карапайым калкты жашыруун тыңшоо тууралуу мыйзам кабыл алынган, оппозииялык ММКнын баары жабылган. Өлкө жана коомчулук маалыматтык изоляцияда калган. Кал арасында билдирүүлөр уюлдук телефон менен гана жүргүзүлгөн, бирок аны бийлик тыңшап турган.

6-апрель күнү кечинде оппозициялык топтун лидери, мурдагы премьер жана президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин үйүндө тинтүү болуп, Таластагы көтөрүлүштү уюштурган деген айып тагылып, камалган. Мындан тышкары ушундай эле айыптоо менен оппозициянын башка лидерлери Өмүрбек Текебаев жана КСДП партиясынын өкүлү Иса Өмүркулов да камалган. Өлкөнүн премьер-министри Данияр Үсөнов көтөрүлүшчүлөрдү катуу сынга алып, уюштуруучуларды «катуу жазага тартылаарын» айткан[10][11].

7-апрель күнү оппозиция элди президент Бакиевдин бийлигине каршы бүткүл элдик каршы чыгуу акциясына чакырган. Ошол эле күнү Кыргызстандын башка шаарларына да оппозициянын өкүлдөрү барган. Региондогу элдерге өлкодөгү саясий жана экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берилген.

Бишкекте таң эрте башкы оппозициялык партия болгон КСДП партиясынын имаратынын алдына, «Форумга» (Шабдан баатыр көчөсү, 4б дареги боюнча) 200дөй оппозициянын өкүлдөрү чогулушкан. Бирок аларды «Форумдун» имаратына киргизишпей, 10-15 чакты прокуратура жана Октябрь районунун милиция кызматкерлери тосуп турган. Саат 10дор чамасында автобус менен милициянын кызматкерлери келет. Ошол эле убакта ЕККУнун кызматкерлери, ЕБдин бир катар элчилери жана укук коргоочулар (Т. Исмаилова, Т. Уметалиева, Д. Ошуракунова, А. Абдрасулова) чогулган элге келген. Бирок кагылышуулар башталган кезде чет өлкөлүк өкүлдөр окуя болгон жерден чыгып кетишкен.

Чогулган укук коргоочулар жана эл өкүлдөрү Шабдан баатыр көчөсүндөгү (мурдагы Алма-Ата) аялдамага чогулуп, ошол жерден эле курултай өткөрүшүп, Т. Уметалиева, депутат Ирина Карамушкина чыгып сүйлөп, опозиция лидерлери камакта жаткандыгын айткан. Эл наараз болуп, лидерлерди бошотууну талап кылышты. Милиция каршылык акцияга катышып жаткандарды тегерекчеге алып, бир-экиден активдүүлөрүн кары-жашы дебей кармап, автобуска салып жатышты. Митингчилер каршылык көрсөтүшүп, аялдамага чет жактан эл чогула баштады. Милиция менен кагылышып, акыркылары аялдаман чегиништи. Бирок милиция өзүнө келип, элди таркатуу максатында бир нече көздөн жаш чыгара турчу гранаталарды ыргытышкандан кийин элдин саны көбөйүп, милиция аларга туруштук бере албай, туш-тушка качышкан.

Андан соң, элдин жоон тобу Бишкектин четинен борборду көздөй жөнөштү. Алма-Ата жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрө жактан Ж.Бакиевдин атайын «Арстан» бөлүгү көтөрүлүшчүлөрдү Ак үйгө өткөрбөй, тосмолорду коюшкан. Автомат менен куралданган милиция менен таш көтөргөн элдин ортосунда кармашуу жүрүп, милиция артка чегинген. Ал жердеги милициянын унааларынан көп сандаган курал жарак жана ок-дарылар табылган, куралдын баары «Форумдун» имаратына бекитилген. Митингчилер милициядан курал жарактарды тартып алышып, шаардын борборуна карай жөнөшкөн. Ошол мезгилде оппозициянын дагы бир лидери Темир Сариевдин Москвадан учуп келгенден кийин кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Бийликке каршы акциянын катышуучулары милициянын тосмолорун талкалап өтүшүп, борбордук аянтка келишкен. Алардын Ак үйдү алуу боюнча алгачкы аракеттерин коргоо кызматкерлери ок менен токтотушкан. Ак үйдүн алдында жана Ала-Тоо аянтында турган 5 миңге жакын адамга каршы ок чыгарышып, адам өлүмүнө алып келген бул кандуу буйрукту президенттин иниси Жаныш Бакиевдин бергендиги тууралуу айтылган[12]. Өз кезегинде өлкөнүн Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Ж.Бакиев өзүнүн күнөөсүн азркыга чейин монуна алгысы келбейт:

« «Мен ок атып жаткан БТРге аткыла деп буйрук бергем. Мен муну жашырбайм, бирок мен колунда куралы бар адамдарга гана ок чыгаргыла дегем. Рациядан ким куралы менен алдыга чыкса, ага ок аткыла деп пайткам, анткени алар бизге карата ок чыгарышкан» »

 — деп РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда билдирген. Ал эми Курманбек Бакиев өзүнүy кабинетинин терезелерине ок атылгандан кийин гана анын күзөтчүлөрү элге ок атканын айтат[13][14].

 Оппозиция Ак үйдүн ичине кирүүгө аракеттенишкен. Аларга каршы чатырдан снайперлер ок чыгарышкан. Күбөлөрдүн айтымында снайперлер Мамлекеттик тарых музейинин жана «Илбирс» имаратынын чатырында да болгон:

« «Биз митингчилер менен Ала-Тоо аянтына келген кезде, мага «Ак үйдүн» чатырында снайперлер отурганын айтышты. Анан «Илбирстин» үстүндө дагы эки снайпердин башын көрсөтүштү. Мени тыкыс шакекчеге алышып, ал имараттын чатырынын батыш жагында дагы 2 адамды көрсөттү. Тарых музейдин чатырында дагы 2 башты байкадык. Мен: санагыла дедим, балдар санап көрүшсө, 22 снайпер чыгыптыр» »

— дейт, бул окуяга активдүү катышкан укук коргоочу Токтайым Уметалиева[15].

Башкы прокуратуранын мурунку имараты апрель окуясынан кийин.

 «Форумдун» жанынан милициянын жүк ташыган унаасын тартып алышып, аны менен имараттын тосмосун сүзүп киришет. Алгачкы курмандыктар жүк ташуучу унаанын Ак үйдүн эшигин сүзүп киргенде жана короосуна митингчилер чуркаганда болгон (8-10дой адам). Машина кайра Чүй проспектисине чыгып, Ак үйдүн экинчи эшигин арты менен сүзүүгө аракет жасаганда айдоочусуну снайпердин огу токтоткон жана унаанын дөңгөлөгүнө жана бензин багына ок атылган. Жардамга келген адамдар айдоочуну унаанн ичинен алып чыгып, ооруканага жеткиришкен. Унаа өрттөлгөн.

 Аянттагы элди таркатуу үчүн асманга ок атылганда митингчилер туш тарапка качып жөнөшкөн. Бирок «Качпагыла!» деген ураан, чакырыктарды угуп, эл кайра өкмөт үйүн алууга киришти.

 10-15 мүнөт сайын элдерге ок атылып турду. Снайперлер адамдарды көбүнчө башка жана жүрөккө атканга аракет кылган. Митингчилер бактардын жана унаалардын артына жашынып, бир нече адамдар курал менен милицияны көздөй ок чыгарышкан.

 Митингчилердин дагы бир тобу Ак үйдөн анча алыс эмес жерде жайгашкан Прокуратуранын имаратын тинтүүгө алышып, эшик-терезелерин талкалап, маанилүү иш кагаздары менен кошо имаратты өрттөп салышкан. Өрттөлгөн имарат азыркыга чейин оңдоло элек, бирок имарат толугу менен түртүлүп, ордуна башка имарат тургузулаары белгилүү болгон[16].

Ак үйдүн дарбазасын жүк ташуучу унаа менен сүзүп кирүү аракети: айдоочуга жана бензин куюлган бакка ок тийип, унааны өрт каптаган.

 Андан соң оппозиция КТРКны (ал кездеги УТРК) колго алышып, бир канча убакыт бою эфирге чыкпай, пландалган телекөрсөтүүлөрдүн ордуна чукул кырдаал түзүлүп, оппозициянын бир нече лидерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана укук коргоочулар бүткүл элге кайрылышкан. Өмүрбек Текебаев түз эфирде «бийлик эми толугу менен элдин колуна өткөндүгүн» жана Бишкеке шаарынын комендаты болуп милициянын отставкадагы полковниги Турат Мадалбеков дайындалгандыгын билдирген[17][18][19][20]

 Аянтка укук коргоочулар жана бир нече эл өкүлдөрү келип (Т. Үмөталиева, Т. Акун, К. Иманалиев ж.б.), бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылышкан. Бирок эч кандай майнап чыкпай, ок атуулар улана берген. Митингчилердин аянттан кетпесин түшүнүп, бийлик оппозияциянын өкүлдөрүн четинен бошото баштаган. Биринчилерден болуп Т. Сариев, Т. Мадылбеков, Д. Чотонов, А. Эркебаев, Э. Ибраимовалар эркиндикке чыгышкан. Т.Сариев баштаган митингчилердин жоон тобу УКК имаратына оппозиция лидерлерин бошотуут үчүн барышканда ал жактагы митингчилер менен кошо бир нече мүнөттүн ичинде имаратты колго алышкан. Ал жактан БТРди айдап, кайрадан Ак үйдү алууга аракет кылышканда, БТРдин айдоочусуна снайпердин огу тийип, аны ичинен сууруп чыгарып жаткандарды да снайпер менен атышкан.  

 Борбордук аянтта Мамлекеттик тууну кайтарган Улуттук гвардиянын эки жоокери элдин таш ыргытканына карабай ордунан кетишкен эмес. Алар — Сагынбек уулу Тынчтыкбек жана Адышов Тилек болгон. Адышовдун ичине жана башына таш тийип, баш мээси чайкалган. Козголоңчулар алардын куралын тартып алууга аракет жасаганы менен жоокерлер элге куралын берген эмес жана атайын буйрук берилгенден кийин гана ордуларынан кеткен:     

« Алар (митингчилер) бизди формабызды чечип, өзүлөрүнүн катарына кошулууга чакырышты. Биз алардын кыйкырыктарына маани бербедик. Бир маалда бизди көзой таштар ыргыды, жанымдагы Адышовдун ичине таш тийген жана айнек тосмолор күбүлүп түшүп калган. Таш ыргыган кезде мене буйтаганга үлгүрдүм, бирок төшүмө тийип калды »

— дейт Сагынбек уулу Тынчтыкбек[21].

Роза Отунбаева — оппозициянын лидери жана убактылуу өкмөттүн башчысы

 Ак үйдүн ичинде президент К. Бакиев, премьер-министр Д. Үсөнов, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Ж. Бакиев, КР президентинин аппарат жетекчиси К. Жороев, коргоо министри Б. Калыев, УККнын төрагасы М. Суталинов, транспорт жана коммуникация министри Н. Сулайманов ж.б. кызматкерлер бар болчу. Президент Бакиев Бишкек, Нарын, Талас шаарларында өзгөчө кырдаалды киргизип, комменданттык саат 22.00до башталмак. Бакиев Ак үйдүн ичинде саат 12.00дон 19.00го чеин болгон. Оппозициянын акыркы лидерлерин бошотушкан маалда Бакиев эки джип унаасы менен Ак үйдөн Ала-Тоо аянтына чейинки бомбадан калкалоочу туннель аркылуу чыгып кеткен жана жолдон аларга каршылык көрсөткөндөрдү күзөтчүлөр унаанн терезесинен аткылашкан. Ал эми снайперлер жана милиция кызматкерлери граждандык кийимдерди кийишип, элге аралашып кеткен.  

 Ак үйдөн кетээрде имаратты жана Президенттин кабинетин миналап (мина коюп) кетишкен. Аны убагында байкап калган адамдар миналарды иштен чыгаршкан.  

 Саат 19.00 чамасында Ак үйдө оппозиция өкүлдөрү түзүлгөн кырдаал туурасында талкуу жүргүзүшүп, Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттү түзүү тууралуу чечимге келишкен. Бир катар кызматтардын башчылары дайындалган: Коргоо министри Исмаил Исаков, Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болгон. 

 Өмүркулов аянтта чогулган элге оппозиция лидерлеринен турган убактылуу өкмөт түзүлүп, Р. Отунбаева жана Т. Сариев премьер Д. Үсөнов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу айтып, аянтка нан менен суу алып келүүнү тапшыргандыгын билдирген. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Д. Үсөнов отставкага кетүүгө кол койгон. Бир аздан кийин Үсөнов белгисиз жакты көздөй жок болуп кеткендиги ачыкка чыгат. 

8-апрель[түзөтүү | булагын түзөтүү]

8-апрель күнү өлкөнүн түштүгүнө качкан президент өзүнүн жүргөн жерин жашынып, чет элдик ММКларга берген мегинде бийликтен кетпе тургандыгын билдирген. Анын айтымында өлкөдө "гуманитардык катастрофа" болуп, көчөгө автомат менен эркин басып калган куралдуу топторду жана абалды турукташтырууга жаңы өкмөттүн күчү жетпейт болчу. Жана дагы убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген.

Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров Курманбек Бакиев отставкага кеткени жаткандыгы тууралуу маалымат берген[22]. Бакиевдин жолдогон жеке катында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөбөйт, бирок отставкага кетпей тургандыгы жазылган[23][24].

Убактылуу Өкмөттүн башчысы ММКга «Бийликтин убактылуу өкмөттүн колуна өтүшү жана КРнын Конституциясын аткаруу тартиби» жөнүндөгү декрет жөнүндө маалымат берген. Декретте «Конституцияда президенттин жана өкмөттүн ыгарым укуктарын убактылуу жңы элдик бийлик колуна алат» деп айтылган, «мыйзам бузуу менен шайланган» Жогорку Кенеш (парламент) таркатылып, жаңы парламенттик шайлоого чейин парламенттин укуктарын убактылуу өкмөткө өткөндүгү тууралуу жазылган[25]. Отунбаеванын айтымында, убактылуу өкмөт жарым жылдык мөөнөткө түзүлдү жана ушул жарым жылдын ичинде «жаңы Конституцияны кабыл алынат».

9-апрель[түзөтүү | булагын түзөтүү]

9-апрель күнү, Кыргызстандын ИИМнин маалыматына ылайык, милициянын отряды жана элдик кошуундар менен бирге Бишкекти толугу менен тополончулар жана мародерлордон тазалап чыгышкан. Шаар ичинде кайрадан транспорт ишке киргизилген. 9-жана 10-апрель күндөрү курман болгондорго аза күтүү деп жарыяланган. Ушул эле күнү Жалал-Абадда белгисиздер тарабынан Кыргызстандын түштүгүндө популярдуу болгон «Дийдор» гезитинин редакциясы жайгашкан кеңсесине ок атылган[26].

Башка региондордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын бардык региондорунда Бакиевдин бийлиги кулап жатты. Нарын шаарынын борбордук аянтына чогулган эл оппозициянын лидерлерин бошотуун уталап кылышкан. Митингчилер областтык администрацияны басып алышкан, ал эми губернатор тез аранын ичинде качып кеткен. Бишкекке ар кайсы тараптан адамдар жардамга кетип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Чүйдүн бир катар райондорунан 5-10 миңге чукул эл борборду көздөй жамдамга келишкен.

Убактылуу Өкмөттүн түзүлүүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Данияр Үсөновдун отставкага кетүүсүнөн кийин Роза Отунбаева 8 апрель күнү бийлик Ош жана Жалал-Абад областтарынан тышкары дээрлик өлкөнүн бардык аймагында элдин колуна өткөндүгү тууралуу билдирген[27]. Андан тышкары парламентти жана өкмөттү таркатуу чечими кабыл алынып, куралдуу күчтөр жана чек ара кызматы убактылуу өкмөткө караган. Жаңы өкмөт мыйзамсыз приватизацияланган Бакиевдердин байлыктарын өлкө казынасына кайтаруу чечими кабыл алынып, жана болуп өткөн окуяларды иликтөө иштери башталган.

Р. Отунбаеванын төрт орун басарлары дайындалган: Алмазбек Атамбаев — экономикага, Темир Сариев — каржы жана кредит маселеси боюнча, Өмүрбек Текебаев — конституциялык реформа боюнча, Азимбек Бекназаров — укук коргоо органдары жана прокуратурага бекитилген. Убактылуу өкмөттүн вице-премьер министри Өмүрбек Текебаев революциялык бийлик тууралуу төмөндөгүдөй аныктама берген[28]:

« «Ооба, биз, 14 киши, өзүбүзү өкмөт деп жарыяладык. Эмненин негизинде? Эч нерсенин. Ооба, ошондо биз узурпаторлор болуп калабыз. Биз эми өкмөт дагы, парламент дагы, президент дагыбыз. Бул өтө жаман чечим болчу. Бирок ишенип коюңуздар, мындан жакшы башка чечим жок эле» »

Курмандыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Официалдуу маалыматтар боюнча, бийлик алмашуу үчүн курман болгондордун саны 86 адамды түзөт, ал эми медициналык кызмат алуу үчүн кайрылгандар 1500 адамдан ашкан[29]. Алардын 500дөн ашыгы ар кандай оор жаракат алышкан. Милиция кызматкерлеринин колунан канча адам каза болгондугу азыркыга чейин белгисиз жана атылган октор баллистикалык экспертизадан өткөрүлгөн эмес.

ИИМдин атайын Мамлекеттик коргоо боюнча башкы кызматынын 111 кызматкери ар кандай жаракат алышкан: 23 милиционер стационардык дарылануудан өтсө, 69 адам — амбулатордук дарылоодон өткөн. Каза болгондордун арасында ИИМдин Академияснын эки курсанты — Эдиль Такырбашев жана Никита Кущ болгон[30].

Талап-тоноо жана мародёрчулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Народный» дүкөнүнүн талап-тоноочулуктан жабыр тартышы.

8-апрель күнү күндүзү жана түнкүсүн шаардын ар тарабынан атылган октун үнү жаңырып турду. Көчөдө токтоп турган унаалар коңторулуп, өрттөнүп жатты. Ири соода борборлоруна мародёрлор чабуул коюп, тиричилик техника, кийим-кече жана тамак-аш тонолгон. Көбүнчө түрк бизнесмендерине тиешелүү болгон  — Vefa жана Бета Сторес, жана кытай ишкерлеринин — Гоин соода борборлору, андан сырткары  — Караван, Дордой Плаза,  «Народный», «7 Дней» ж.б. дүкөндөр түйүнү жабыркаган.

Улуттук көркөм сүрөт музейи жана УТРКнын имараты да талкаланган. Бир нече баалуу сүрөттөр уурдалып, ал эми телеборбордо техникалык камсыздоосу иштен чыккан.

Күбөлөрдүн айтымында Бишкектин борборундагы БУМ (ЦУМ) жана Орто Азиядагы эң ири базар болгон — «Дордой» базарынын ишкерлери өз мүлктөрүн сактап калуу максатында сатуу түйүндөрүн жаап, товарларын алып чыгып кетишкен.

Убактылуу өкмөт коомчулукту тартипке чакырып, абалды турукташтыруу аракетин жасаган. ИИМ мамлекеттик жана жеке мүлккө кол салгандарды атууга уруксат берип, 8нен 9на караган түнү талап-тоноочулуктун 67 катышуучусу колго түшкөн. Элдик кошуундардын рейддеринин жардам менен абал туруташып, 9-апрель күнү транспорт ишке киргизилген, дүкөндөр жана банктар иштерин улантышкан[31]

Эл аралык реакция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакиевдин Кыргызстандан кетиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курманбек Бакиевдин отставкага кетүүсү тууралуу арызы

15-апрель күнү Курманбек Бакиев Оштун борбордук аянтында 2 миңден ашуун талапкерлери менен митинг өткөргөн. Ошол эле учурда аянттын башка бурчунан ага каршы чыккан топ менен Бакиевди колдогондор ортосунда кагылшуу болуп, асманга ок атылган учурда Бакиевдин жактоочулары сахнадан сүйлөп жаткан жеринен алып түшүшүп, Жалал-Абадга качып кетүүсүнө жол беришкен[32][33].

Бир нече сааттан кийин Казакстандын ТИМнин пресс-катчысы билдиргендей, Бакиев Жалал-Абаддан Тараз шаарына келип конгон. Бул иш-аракеттер Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШнын президенти Барак Обама жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин кийлигишүүлөрү менен болгон. ЕККУ Бакиевдин Казакстанга келишин жылуу кабыл алып, бул кадамды «өлкөдөгү курч кырдаалды жөнгө салууда жана мыйзамдуу бийликти орнотуу, Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетпөөсү» үчүн жасалган деп билдирет.

Үч өлкөнүн президенти Вашингтондогу өзөктүк коопсуздук саммитинде Кыргызстандагы абал тууралуу талкуулашканын АКШнын мамлекеттик департаменти билдирген.

15-апрель күнү кечинде Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине К. Бакиев отставкага кеткендиги тууралуу официалдуу кат жөнөткөн. Бакиев өзүнүн отставкага кетүүсүн «өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгон кадам» деп билдирди. Р. Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сындап, Кыргызстанды «жарандык согушка алып келишти» деп айыптап чыккан.

19-апрель күнү Казакстандын ТИМи Бакиевдин белгисиз тарапка учуп кеткендиги тууралуу маалымат берген. Бир күндөн кийин, 20-апрелде Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Бакиев жана анын үй-бүлөсү (бардыгы болуп 4 адам) менен 19-апрелди Минскте өткөргөндүгүн билдирген. Беларусиядан баш калкалоо сурап, өзүнүн отставкасын моюнга албай, дагы деле өлкөнүн мыйзамдуу президенти деп эсептеп, коомчулукту Убактылуу өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө чакырган.

Видео[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы көрүңүз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 2005, 2010-жылдардагы кыргыз ыңкылаптарын изилдөө жана тарыхый жактан баалоо
  2. Kyrgyzstan clashes "leave four dead"
  3. Бакиев отставкага кетпей, көмүскөдө иштей баштады.. Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 21 Апрель 2013.
  4. Кыргызстанды журналисттин өлүмүн таза иликтөөгө чакырышты
  5. Волна жестоких нападений шокирует кыргызстанских журналистов
  6. Пан Ги Мундун келиши учурунда БУУнун имаратынын алдындагы каршылык акция.
  7. Кыргыз оппозициясы спецназды куралсыздандырып, элдин катарына өттү.. Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2016.
  8. Кыргызстан: Задержанные ранее лидеры оппозиции освобождены, здание парламента разгромлено, горит Генпрокуратура.
  9. ИИМдин башчысы Кыргызстандан жашыруун чыгып кеткен..
  10. http://news.bbc.co.uk/2/hi/asia-pacific/8604955.stm
  11. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 6 -октябрь (тогуздун айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 10 Апрель 2010.
  12. Жаныш Бакиев: «Ок атуу жөнүндө буйрукту мен бергем». Текшерилген күнү 6 -октябрь (тогуздун айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 4 -октябрь (тогуздун айы) 2016.
  13. http://lenta.ru/news/2010/04/11/civil/
  14. архив көчүрмөсү.
  15. Кыргызстан. Эки жылдан кийин.
  16. Башкы прокуратуранын мурунку имараты толугу менен түртүлөт.
  17. Кыргызстан: УТРКнын эфиринде Ө.Текебаев Бишкектин комендантын дайындоо жана бийликтин элге өтүшү тууралуу маалымат берди..
  18. Кыргызстан: Государственное телевидение предоставило эфир представителям НПО и правозащитникам.
  19. Кыргызстан:Мурда кармалган оппозициянын лидерлери эркиндикке чыгышты, Ак үй талкаланып, Прокуратуранн имараты өрттөнүп жатат..
  20. Кыргызстан: В Бишкеке атаковали здание ГСНБ, протестующие подогнали к Дому правительства БТР
  21. Таш жааса да, милдетинен тайбагандар.
  22. Президент Киргизии Курманбек Бакиев подает в отставку. Текшерилген күнү 7 -октябрь (тогуздун айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 11 Апрель 2010.
  23. Кыргызстан: дагы деле кете элек президент Курманбек Бакиев элге кайрылуу жасады..
  24. Бакиев бийликтен кетпей тургандыгын билдирди.
  25. Декрет «О переходе власти к временному правительству и порядке исполнения Конституции Киргизской Республики»
  26. Кыргызстандын түштүгүндө Өзбек улуттук-маданий борборунун газетасынын кеңсесине ок атылды.
  27. Кыргызстан: оппозициядан түзүлгөн жаңы өкмөт.
  28. Заявление вице-премьера временного правительства Омурбека Текебаева.
  29. Каза болгондордун саны 84кө жетти.
  30. Н. Попова: Покой нам только снится. За что погибли курсанты Академии МВД Киргизии Эдиль Такырбашев и Никита Кущ. Текшерилген күнү 7 -октябрь (тогуздун айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 2 -январь (үчтүн айы) 2017.
  31. Kyrgyzstan holds day of mourning for uprising victims
  32. Выстрелы разбивает про Бакиеву митинг на юге Кыргызстана
  33. Кыргызстандын экс-башчысы К.Бакиевге ок атылды.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]