Паракорчулук
Көрүнүш
Паракорчулук – кызматтык кылмыш, кызмат адамынын пара берүүчүнүн кызыкчылыгында өзүнүн кызматтык компетенциясындагы аракеттерди жасаганы (жасабаганы) үчүн акча, материалдык баалуулуктарды алышы, ошондой эле кызмат адамына өзү же ортомчу аркылуу пара берүү, Паракорчулук коррупциянын бир көрүнүшү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын 1997-ж. кабыл алынган Кылмыш-жаза кодекси боюнча Паракорчулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9