Павлюк, Геннадий Георгиевич

Википедия дан

Геннадий Георгиевич Павлюк (1958-2009) - кыргыздын чыгаан эркин журналисттеринин бири. Теги боюнча орус.

Геннадий Павлюк 1958-жылы 11-июлда Кыргызстанда туулган. Кыргызстандагы бир катар советтик жана пост-советтик эркин басылмаларда иштеген. Ал Кыргызстанда дагы бир эркин интернет барагын ачуу максатын ишке ашыраарында киши колдуу болгон.

Журналист Геннадий Павлюк Казакстанда Алматы шаарынын ооруканасында 2009-жылы 22-декабрь күнү эс-учуна келе албай жатып каза тапкан.

Андан алты күн мурда, 16-декабрда журналист ушул эле Алматы шаарында колу-буту байланган шартта жерде жаткан жеринен табылган. Казак полициясы ал көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан ыргытылганын аныктаган.

Киши колдуу болуп өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюктун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык 2009-жылдын 24-декабрында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы христиандар мүрзөсүнө коюлгаг.

Узатуу жөрөлгөсүндөгү сөздөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

51 жашта өмүрү кыйылган журналистти жоон топ кыргызстандыктар, журналисттер, укук коргоочулар жана башка атуулдар акыркы сапарга узатышты. Табыт башында мурдагы жубайы Лена Павлюк менен атуулдук никедеги экинчи жубайы Ольга Колосова туруп ыйлашты.

Геннадий Павлюк акыркы жылдары Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу үйүндө көбүрөөк иштей баштаганын анын досу, “Аргументы и факты” гезитинин Ысык-Көлдөгү фотожурналисти Владимирь Боровик эскерип, топурак салып атып, мындай деди:

- Гена бул жерден 6-декабрда кетип атканда калтырган байлыгын кимге кандай бөлүштүрүү жагын айтып, өлсөм да Ысык-Көлгө көмгүлө деген эле. Билбейм эмнеге антти. Досу катары туугандарына ыраазымын, анын акыркы керээзи боюнча Гена мына сен да көл жанында түбөлүк жатасың!

Г. Павлюк “Ата Мекен” атуу маалымат сайтын ачуу боюнча ири долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатканын белгилеген “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев, ал баштаган ишти сөзсүз улантып, аягына чыгарышаарын айта кетти:

- Ал өзү келип бизге “Биздин жашообузга балким 10, 15 жыл калгандыр, келгиле биздин балдарга жакшы жашоо, таза өлкөнү калтыралы" деген эле. Ал акыйкаттык үчүн күрөшүп атып кетти. Ал артына эркин коомду түптөп калтырайын деген. Биз анын аягына чыгабыз, Гена кылмышкер да табылып, өз жазасын алат, биз сени эч качан унутпайбыз!

Г. Павлюкту акыркы сапарга узатууга “атамекенчилер” Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов жана коомдук ишмер Аскар Айтматов да келип катышты.

Мурдагы тышкы иштер министри А.Айтматов Павлюктун жалгыз уулу Ярославга көнүл айтып атып, атасы “Комсомольская правда” гезитинде да мыкты эмгектенгенин эскерди.

Тергөө жараяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коңшу Казакстанда Геннадий Павлюктун өмүрүн сактап калуу менен катар анын өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иштин бетин ачуу аракеттери жасалууда.

Геннадий Павлюк 2009-жылы 16-декабрда Алматыга барып, “Казакстан” мейманканасынан орун алган жана эртеси күнү кайра Бишкекке кайтып кетүү планы болгон. Бирок ал ошол күнү белгисиз жагдайда Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдынан табылган. Журналистти кимдир бирөөлөр алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен деген божомол басымдуулук кылууда.

Алматы шаардык кылмышты иликтөө полициясы адам өлтүрүү аракети деген негизде кылмыш ишин козгоду. Аны Казакстандын ички иштер министринин орун басары өз көзөмөлүнө алды.

2010-жылы 13-январь күнү казак ордо шаары Астанада атайы өткөрүлгөн маалымат жыйынында Казакстандын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Куанышбек Жуманов полиция “Кыргызстандын бул кылмышка тиешеси бар бир нече жаранын” аныктаганын белгилөө менен төмөнкү маалыматтарды кошумчалаган эле:

- Азыркы учурда Казакстандын Башкы прокуратурасы аркылуу Кыргызстандын укук коргоо органдарына укуктук жардам көргөзүү жөнүндө эл аралык тапшырма берилди. Ошондой эле 11-январь күнү Казакстандын ички министрлигинин кызматкерлеринин министр орун басары Амантай Аубакиров баштаган тергөө тобу Бишкекте болду.

Казакстандан келген өкүлдөр Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев, Баш прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза менен жолукканын кыргыз тарап да 2010-жылдын январында ырастады.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]