Кыргызстандын Конституциясы

Википедия дан
Кыргыз Республикасынын Конституциясы‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргызстандын Конституциясы, расмий түрүндө — Кыргыз Республикасынын Конституциясы — Кыргызстандын башкы мыйзамы. Азыркы учурдагы иштеп жаткан конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган.

Кыргыз АССРинин 1929-жылкы Конституциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

30-апрель 1929-жылы Экинчи Бүткүлкыргыз Кеңештер съезди Конституция долбоорунун акыркы редакциясын карап чыгып аны бекиткен. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясы ОСФСР Конституциясынын негизинде кабыл алынган. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясына чейин кыргыз тарыхында бир да конституция болгон эмес.

Кыргыз ССРнин 1937-жылкы Конституциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Кыргыз ССРнин 1978-жылкы Конституциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Кыргыз Республикасынын 1993-жылкы Конституциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

5-май 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – «легендардуу парламенттин» 12-сессиясында Кыргызстан Конституциясын кабыл алган. «Легендардуу парламенттин» курамы 1990-жылдагы биринчи альтернативдик шайлоодо түзүлгөн. Бул парламент КР мамлекеттик көзкарандысыздыгына саясий жана укуктук негиздерди жана демократиялык коомду куруу жана эркин базар саясатын уюштурууну түзгөн бийлик органы катары тарыхта калган. «Легендардуу парламент» тарабынан кабыл алынган тарыхый актылар:

- Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө Декларация (15-декабрь 1990-жыл);

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация (31-август 1991-жыл);

- Көзкарандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясы (5-май 1993-жыл);

Кыргыз Республикасынын 2010-жылкы Конституциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияда республиканын башкаруу формасы жазылган эмес[1]. Расмий булактарда парламенттик башкаруу формасы тууралу айтылган[2]. Де-факто башкаруу формасы — парламенттик-президенттик (аралаш) болгон.

2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25-жыл болгонуна арналган парадындагы Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн:

Биринчиден, 2010-жылкы Конституция өлкөдө парламенттик башкарууну орноткон жок. Бул Конституция бизди президенттик-парламенттик системага алып келген, авторитардык режимди негиздөөгө анын ичинде бардык шарттар бар.

— А. Ш. Атамбаев[3]

Бул конституция 2021-жылдын 5-майына чейин иштеген.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылкы Конституциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Биринчи бөлүм. Конституциялык түзүлүштүн негиздери. 1-берене. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги. Текшерилген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2018.
  2. Мамлекеттик түзүлүш (орус.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2019.
  3. Полный текст выступления Алмазбека Атамбаева на праздновании независимости Кыргызстана (орус.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (31.08.2016). Текшерилген күнү 19 -октябрь (тогуздун айы) 2020.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]