Facebook

Википедия дан
Facebook
URL: facebook.com
Коммерциялыкпы? Ооба
Сайттын түрү Социалдык тармак
Катталуу Бекер
Жеткиликтүү тилдер Мультитилдүү
Ээси Марк Цукерберг — генералдык директор (CEO)
Шерил Сэндберг — аткарууч директор (COO)
Дэвид Эберсман — каржы директор (CFO)
Түзгөн Марк Цукерберг, Эдуардо Саверин, Дастин Московиц, Крис Хьюз
Ачылган күнү 4 февраль 2004 жыл
Кирешеси $1,0 млрд (2011)
Сервердин жайгашкан жери  АКШ: Пало-Альто, Калифорния штаты
Азыркы абалы Иштеп атат


Facebook — дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет.2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Натыйжада ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң биринчи бул веб-сайт "The Facebook" деп аталып, сайтты бир гана Гарварддык университеттин студенттери колдоно алышкан. Катталууну Бостондун башка университеттерине ачып, андан соң АКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен. 2006-жылдын сентябрь айынан баштап бардык Интернет колдонуучулардын 13 жаштан өйдө, электрондук почталары болгон интернет колдонуучуларга жете баштаган.

Азыркы учурда(2012-ж 4-октябрь) аны дүйнө жүзү боюнча колдонгондордун саны 1 млрд адамдан ашты.Март айында (2012) суткасына 526 млн адам кирип, 500 млн адам айына уюлдук телефондон кире алган.Күн сайын бул тармакта 3,2 миллиард колдонуучу "мага жакты",ой-пикирин билдирип (комментарий) жана 300 миллион сүрөттү жарыялашат.2011-жылы октябрь айына карата күн сайын кирип туруучу колдонуучулардын саны 750млн ал эми сайттын барагын кароочулардын саны 1 триллионду түзгөн. Бул тармак өзүнүн жасалгаланышы жагынан жөнөкөйлүгү (минимализм), аткаруучу милдеттеринин ар тараптуулугу жана аз жарнамаланышы менен башка тармактардан айырмаланып турат.

Башка социалдык тармактар үчүн жарнамалар көбүрөөк жарыяланып турса, Фейсбукта жарнама минимум денгээлге жеткирилген.

Facebook - бул дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак.

Колдонуу жолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул тармакты колдонуучулардын жекече колдонууларына жана ар түрдүү уюмдарды өркүндөтүп, бизнести өнүктүрүү үчүн да колдонгонго болот.

Социалдык интернетте адамдар бири бири менен маалымат алмашып турат. Сиз интернеттен бир кызыктуу макала окусаңыз досторуңуз менен бөлүшкүңүз келет. Анкени сиз ал макаланын тегерегинде сүйлөшүү аркылуу башка да малыматтарга ээ болуп калышыңыз мүмкүн.

Фейсбук аркылуу досуңуз менен музыка, видео, спорт, китеп, ж.б. жаңылыктарды же өз ара ой-толгоолорду бөлүшүү эң эле пайдалуу болуп саналат.

Фейсбукту колдонуунун дагы бир жакшы жагы сиз досторум гана менин статусумду көрө алат же досторумдун достору көрө алат десеңиз болот.

Андан тышкары Фейбукта дагы топторду түзсөңүз болот. Мисалы: “Кыргызстандыктар” деп жазып туруп ал топко Кыргызстандык досторуңузду киргизип койсоңуз болот. Анткени сиз жаңылык бөлүшкөндө кыргызстандык досторуңуз менен ой-пикирлерди кыргыз тилинде бөлүшүп койсоңуз болот.

Эгерде сиз бир эссе жазсаңыз, анда аны менен Фейсбук аркылуу бөлүшүү эң эле оңтойлуу. Анткени Facebook Notes кызматы бар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг

Бул сайтты ачууну Цукерберг жаш кезинде жана жеке менчик мектепте(Phillips Exeter Academy) окуп жүргөндө ойлогон. Мектепте жыл сайын окуучулардын справочниги - аты, адреси жана сүрөттөрү жарыяланып турган(тактап айтканда "китеп бети","китептин бети" - Facebook), качан гана Цукерберг Гарвард университетине өткөндө, ал демилге көтөрүп, окшош(аналогичный) тармактык ресурс ачууну сунуштайт,бирок окуу жайдын администрациясы маакулдугун бербейт. Ошондо 2003-жылы 28-октябрда Цукерберг, студент, 2 курс убагында, Facemash интернет-сайтына код жазып, жана анда сүрөттөр колдонулуп,түгөйлөрдү жайгаштырып, максаты алардын ичинен кимиси бири-бирине жагымдуу экенин аныктоо болгон.

Бул нерсеге жетүү үчүн, Цукерберг Гарвардтык университеттин компьютердик тармагындагы корголгон бөлүктөрдү бузуп жана өздүк сүрөттөрдү көчүрүп алган.

Ал сайт (Facemash) тез ылдамдыкта таанылып, бирок бир нече күндөн кийин Гарвард администрациясы аны жаап салган. Цукерберг администрация тарабынан коопсуздукту жана автордук укукту бузганы үчүн күнөө коюлат. Бирок аягында бул күнөөлөрдү алып салат. 2004-жылы 4-февралда Цукерберг өзүнүн жаңы сайтын The Facebook ишке киргизет.Facebook деп атоонун негизи Цукербергтин окуу жылдарына байланыштуу.Марк Цукербергке бат эле Эдуардо Саверин(каржы директор) , Дастин Московиц(программист), Эндрю Мак-Коллум(сүрөтчү) жана Крис Хьюз сайтты алдыга жылдырууга кошулат.

2004-жылдын март айынан тартып сайт Колумбия,Стенфорд университетине кеңири баштаган.Кийинчерээк башка университетте Бостон, Нью-Йорк университетине, Массачусетс технологиялык институтунда, андан соң көпчүлүк Канаданын жана АКШнын окуу жайларына тараган.

Пало-Альтодогу штаб-квартира

"2004-жылы июнь айында Facebook Пало-Альтого көчөт(Калифорния).2005-жылы компания өзүнүн атындагы The артиклын алып салат да ошол эле жылы facebook.com домендик атын 200 000 $ сатып алат.2007-жылы 24 октябрда Microsoft компаниясы Facebook компаниясынан 1,6% акциясын 240 млн $ сатып алууну жарыялайт, ошону менен бирге компанияны 15 млрд долларга баалайт.

2008-ж октябрда Facebook өзүнүн эл-аралык штаб-квартирасын Дублинде ачууну жана 2009-жылы компания биринчи жолу киреше алуусун жарыялаган. 2010-жылы SecondMarket Inc айтуусу боюнча, компаниянын баасы 41млрд долларды түзгөн.2011-жылы 2-январда анын бааасын The New York Times газетасы жазып чыгат, алардын айтуусу боюнча, Facebook 50 миллиардтан ашуун долларды түзгөн.

Facebook дүйнөнүн булуң бурчундагы эң мыкты социалдык тармактары болуп келет,алсак, Австралия, Филиппин, Индонезия, Сингапур, Малайзия, Жаңы Зеландия, Вьетнам, Гонконг жана башкалар.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Египеттеги революциянын катышуучусу өзүнүн кызына Фейсбук Жамаль Ибрагим деген ысымды берген,

себеби егитеттик революцияда бул социалдык тармак эң чоң жана маанилүү ролду ойногон.

Facebook маданиятта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2010-жылы Фейсбуктун түзүлүшүнө арналган «Социалдык тармак» аттуу фильм тартылган
  • Сериал «Компьютерщики», 3 сезон, 5 серия (Friendface).
  • Мультсериал «Южный парк», сезон 14, 4 серия (1404) «You have 0 friends».
  • Сериал «Молокососы», 3 сезон, 10 серия.
  • Дэвид Киркпатриктин китеби «Социалдык тармак. Кантип Фейсбуктун негиздөөчүсү 4млрд долларга иштеп жана 500 млн дос тапты».= David Kirkpatrick. The Facebook Effect: The Inside Story of the Company That Is Connecting the World. — М.: Эксмо, 2010. — 288 с. — 5000 экз. — ISBN 978-3-8273-2913-4

Чоң салым кошкондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негиздөөчүлөр

  • Марк Цукерберг — 28,2 %
  • Дастин Московиц — 7,6 %

Чоң инвесторлор

  • Accel Partners — 11,4 %
  • Digital Sky Technologies — 5,5 %
  • Питер Тиль — 2,5 %

Жетекчилер

  • Марк Цукерберг — башкы директор
  • Шерил Сэндберг — аткаруучу директор
  • Дэвид Эберсман — каржы директор (CFO)

Facebook блогу(блокировка)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнө жүзүнүн кээ бир мамлекеттеринде бул социалдык тармакты колдонуучулар аркылуу жабуу түрткү болгон.

Мындай мамлекеттерге;Иран, Кытай, Пакистан, Сирия, Бангладеш, Түркмөнстан жана Тажикстан кирет.

Бул тармакты жабууга саясий процесстер жана жергиликтүү динге күрөшүү эсептелинет.

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]