Папирус

Папирус (лат. Cyperus papyrus, L. 1753) — ыраңдар тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. Сабагынын узундугу 5 м, учунда чатырчадай чоң топ гүлүжайгашкан. Үч кырдуу, калың жалбырагы түбүнөн өсүп чыгат. Папирус Африкада суунун жана көлдүн жээгинде, жай аккан сууларда өсөт. Анын сабагынан тамак, кездеме, бут кийим жана башка жасалат. Папирус кооздук үчүн да өстүрүлөт.
Байыркы заманда жана орто кылымдын башында Папирус өсүмдүгүнөн даярдалган жазма материал, ошондой эле ал материалдагы кол жазма (к. Папирология). Байыркы Египетте б. з. ч. З-миң жылдыктын башында пайда болуп, б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунан Жер Ортолук деңиздин башка өлкөлөрүнө тараган. Визге египет, грек, латын, көптөгөн араб жана башка Папирустар жеткен. Папирустун көбү Египетте табылган.
Кээде Папирустун түрмөгүнүн узундугу 45 метрге жеткен. Папирус кээде кара жана кызыл боёктор (кийин- черээк сыя) менен жазылган. Китайда б. з. 8-кылымында кагаз колдонула баштаганы менен, Египетте б. з. 9-кылымында да Папирус пайдаланышкан. Папирустун текстин папирология, египет (таануу жана семитология изилдейт. Папирус— Байыркы Египеттин, ошондой. эле античтик дүйнөнүн тарыхын, маданиятын, чарбасын изилдөөдө бирден бир маанилүү дарек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.