Бургиба Хабиб

Википедия дан
Хабиб Бургиба (1960).

Бургиба Хабиб (3. 8. 1903-ж. 6. 4. 2000) - Тунистин саясий жана мамлекеттик ишмери. Билими жана адистиги боюнча юриулук

  • 1922-ж. "Дустур" партиясына өтүп, анын радикалчыл тарабынын лидери.
  • Ал партиянын ыркы бузулгандан кийин (1934) "Жаңы Дустур" (1964-ж. октябрдан Социалисттик дустур партиясы) партиясынын ген. секретары, кийин председатели.
  • Тунистин көз каранды эместиги үчүн күрөшкө катышкандыгы үчүн 1934- жана 1938-ж. франц. колонизаторлор камакка алган.
  • 1952-ж. кайра камалып өлкөдөн куулуп чыккан.
  • 1955-ж. июнда айдоодон келип, Тунис көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланганда өкмөткө башчы болгон.
  • 1957-ж. 25-июлдан бери президент, 1969-жылдын ноябрына чейин өкмөттү кошо башкарып келди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.