.nu
| .nu | |
| | |
| Ишке кириши |
1997-жылдын 20-июну |
|---|---|
| Тип | |
| Макамы |
колдонууда |
| Каттоочу уюм | |
| Уюштуруучу |
Internet Users Society - Niue |
| Максаты |
Ниуэ аралы менен байланышкан объектер |
| DNSSEC |
бар |
.nu – Ниуэ аралы үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
Башка арал мамлекеттериндей эле бул домендик аталыштар да «экспорт үчүн», Ниуэ аралы менен байланышы жок сайттарга сатылат.
Домен Швеция, Дания жана Нидерландда колдонуучулар арасында абдан популярдуу, себеби бул өлкөлөрдүн тилдеринде «nu» сөзү «азыр» деп которулат.
Ошондой эле чоңдорго арналган сайттар үчүн (порнографиялык материалдарды камтыган же сойкулардын кызматтарын жарнамалаган) сайттар тарабынан да колдонулат, себеби француз тилинен «nu» сөзү «жылаңач» деп которулат. .
Домен 2003-жылга чейин Ниуэ аралынын өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнүп турган, андан кийин баардык укуктар Массачусетстеги IUSN Foundation уюмуна өткөрүлүп берилген[1]. 2013-жылы Швециялык Интернет Фонду башкарып келген, бул чечимге Ниуэ аралынын өкмөтү каршы чыгып, 2018-жылы башкарууну өзүнө алган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- IANA сайтындагы .nu доменин whois маалыматтары Archived 2006-04-27 at the Wayback Machine (англ.)
- Интернет колдонуучулар коому— Ниуэ (IUSN) (англ.)