Антил аралдары (Нидерланддык)

Википедия дан
Нидерланд Антил аралдары.
Кюрасао.

Антил аралдары (Нидерланддык), Нидерланд Антил аралдары - Нидерланд Королдугунун өзүн-өзү башкаруучу административдик бирдиги. Борбордук Америкадагы аралдар тобу, Вест-Индияда. Кариб деңизинде жайгашып, 6 аралды камтыйт. Ылымта аралдар тобундагы аралдар - Кюрасао, Бонайре, Клейн (же Кичи) Бонайре (элсиз), Айдарым аралдар тобундагы аралдар - Синт-Эстатиус, Саба жана Сен-Мартен. Аянты 800 км2ден ашык. Калкы 183,5 миң (2004); 90%тен ашыгы шаарда жашайт. Калкынын 80%тен ашыгын антил креолдору (негр жана мулат), жергиликтүү креол (папьяменто) тилинде сүйлөгөндөр түзөт, вест-индиялык креолдор (5%), суринамдыктар (3%), голланддар (0,55%), француздар (1%), АКШлык америкалыктар (1%) жашайт. Католик (73%), протестант (13%), мусулман жана башка диндерди тутат. Административдик борбору - Виллемстад шаары. Расмий тили - нидерланд тили. Ошондой эле папьяменто, англис тилдери да колдонулат. Акча бирдиги - антил гульдени. Административдик-аймактык жактан 5 аралга бөлүнөт. Аралдары жанар тоодон жана кораллдардан пайда болгон. Жээк тилкелери өтө тилмеленип, ыңгайлуу гавандары бар. Климаты деңиздик тропиктик, түндүктөгү аралдары нымдуураак. Айлык орточо температурасы түштүгүндө 27°С, түндүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 500-600 ммден 1000-1200 ммге чейин. Түндүк аралдарында июлдан октябрга чейин ураган болуп турат. Сен-Мартен аралында туздуу көл бар. Дайыма жашыл токой жана бадалдар өсөт. Кюрасао, Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба аралында деңиз астында парктар уюшулган. Экономикасынын негизин чет элдик туризм түзөт (жылына 700 миң турист келет; киреше 850 млн доллар). Ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 11 400 доллардан (2003; АКШ) туура келет. Туризмдин негизги түрлөрү пляжда эс алуу, дайвинг жана сноркелинг. Башкы туристтик борборлору - Сен-Мартен (жылына 400 миң турист келет), Кюрасао (220 миң) жана Бонайре (50 миңден ашык). Офшордук банк бизнеси өнүгүүдө (борбору - Виллемстад). Өнөр жай өндүрүшүнүн башкы тармагы - нефть ажыратуу (Виллемстад). Кеме ремонттоо (Кюрасао аралында), электроника чогултуу өнөр жайы, текстиль фабрикасы, ром чыгаруучу (Сен-Мартен аралы), ликёр (Кюрасао аралы) заводдору бар. Көркөм кол өнөрчүлүк (тор түйүү, Саба аралында; зер буюмдарын жасоо) өнүккөн. Кальцийдин фосфатын (Кюрасао аралы), туз (Бонайре жана Сен-Мартен аралында) казылып алынат. 2001-жылы 1061 млн кВтН электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 10,5% айыл чарбасында иштетилет. Азык-түлүктүн көп бөлүгү сырттан алынат. Түштүк аралдарында алоэ (фармацевтика үчүн), ачуу жашыл апельсин (кургатылган кабыгынан «Кюрасао» ликёру даярдалат), Түндүк аралдарында акжүгөрү, арахис, балкамыш, нан дарагы, банан, жашылча өстүрүлөт. Балык кармалат. Деңиз продуктылары (лангуст) даярдалат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 600 км (анын ичинен 300 кми асфальтталган). Деңиз соода флотунун тоннажы 1000 рег. бр.-о. Башкы деңиз порттору: Виллемстад, Кралендейк, Филипсбург. Беш аэропорт (анын ичинде Виллемстадда эл аралык) бар. Сыртка нефть продуктыларын чыгарып, ошондой эле нефть, туз, фосфат, алоэ, ликёр, лангуст реэкспорттойт. Сырттан чийки нефть, (Венесуэладан), керектелүүчү товарларды жана башка алат. Эркин соода зонасы. Негизги соода шериктери: АКШ, Мексика, Гватемала.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1