Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюму

Википедия дан

Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюму (БИМУ; World intellectual Property Organisation, WIPO) – Эл аралык өкмөттөр аралык уюм, БУУнун адистештирилген мекемеси. 1967-ж. Стокгольм конвенциясына ылайык түзүлгөн. Жайгашкан жери Женева. Мүчө мамлекеттеринин саны 147 (1995). Кыргызстан БИМУнун мүчөсү. Париж же Берн союзуна, ошондой эле БУУга же анын адистештирилген мекемелеринин бирине мүчө, же Эл аралык сот статусунун катышуучусу, же Генералдык Ассамблея тарабынан БИМУ конвенциясына кошулууга чакырылган бардык эле мамлекеттер БИМУга мүчө боло алышат. Интеллектуалдык менчикке өнөр жайлык менчикке (ойлоп табуулар, товардык белгилер, товардын жасалыш булактары, өнөр жай үлгүлөрү, моделдер) укуктар жана адабий, музыкалык, көркөм өнөр, фотографиялык, кинематографиялык жана аудиовизуалдык чыгармаларга автордук укуктар кирет. БИМУнун расмий максаты мамлекеттердин кызматташтыгы жана катышуучу өлкөлөр тарабынан түзүлгөн союздар ортосунда администрациялык өз ара аракеттенүүсү аркылуу интеллектуалдык менчикти коргоого өбөлгө түзүү болуп саналат. БИМУнун жетекчи органдары Генералдык ассамблея, конференция, координация боюнча комитет, Эл аралык бюро, өнөр жайлык менчик тууралуу маалымат боюнча туруктуу комитет. Генералдык ассамблея эки жылда бир жолу уюмдун саясатын талкуулоого, бюджетти бекитүүгө жана генералдык директорду 6 жылга шайлоого чакырылат. Эл аралык бюрону БИМУ секретариатын генералдык директор башкарат, уюмду администрациялык -техникалык тейлөөнү камсыз кылат, Эл аралык каттоо кызматынын (патенттер, товардык белгилер, өнөр жай үлгүлөрү же моделдер, аудиовизуалдык чыгармалар) ишин жетектейт. Өнөр жайлык менчик тууралуу маалымат боюнча туруктуу комитет патент маалыматынын бардык чөйрөсүндө мамлекеттердин кызматташтыгын жүзөгө ашырат. Комитетке Патенттик кооперация жөнүндө келишимге жана Эл аралык патент классификациясы союзуна мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Париж союзунун мүчөлөрү (ыктыярдуу түрдө) кирет. Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун жогорку сыйлыгы Алтын медалын Кыргызстандан бир топ ойлоп чыгаруучулар жана чыгармачыл ишмерлер алышкан. Алар: ойлоп чыгаруучулар А. Акаев, А. С. Кривовязюк (2001), Ү Асанов, 3. Д. Ашубаева, Э. М. Худайбергенова (2002), Р. Оморов (2003), О. Абдраимов (2004), В. С. Энгелъшт (2006); чыгармачыл ишмерлер Ч. Айтматов (2003), Э. Ибраев, Т. Садыков (2004), С. Жусуев, С. Токтакунова (2005), М. А. Бегалиев, Т. Касымбеков (2006).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]