Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Википедия дан
БДСУнун Женеведагы штаб-квартирасы
белгиси
Почта маркасы СССР, 1988 год: 40 лет ВОЗ

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюму (БДСУ) (орус. Всемирная Организация Здравоохранения, ВОЗ, англ. World Health Organization, WHO) — эл аралык медициналык уюм; Бириккен Улуттар Уюмунун атайын мекемеси. 1945-ж. февралда БУУнун конференциясында бул уюмду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 1946-ж. Нью-йоркто 51 өлкөнүн жана эл аралык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан саламаттык сактоо боюнча эл аралык конференция БДСУнун уставын иштеп чыккан жана кабыл алган, ошондой эле анын 18 өлкө. 1948-ж. 7-апрелде Убактылуу комиссиясы ишин аяктап, 26 өлкө БДСУнун уставын бекиткен. Бул күн жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү болуп белгиленет.

БДСУнун түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы
  • Убактылуу комиссиясы
  • Катчылык(секретариат)

БДСУнун жогорку органы — Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы, анын сессиясы жыл сайын чакырылат. БДСУга 166 өлкө мүчө (1985). БДСУ жугуштуу жана жугушсуз оорулар (кургак учук, венера жана мите оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, зыяндуу шишиктер жана башка) менен күрөшөт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө саламаттык сактоо кызматын түзүүдө жана кайра уюштурууда, медициналык кадрларды даярдоо жана билимин өркүндөтүүдө жардам берет.

БДСУнун милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БДСУнун милдеттерине дары каражаттарынын эл аралык стандартын белгилөө, дары заттардын сапатын, кошумча таасирлерин контролдоо жана наркотиктерге эл аралык көзөмөлдүн медициналык аспектилери; оорулардын эл аралык классификациясын кайрадан карап чыгуу; медициналык илимдердин негизги проблемалары боюнча (токсикология, фармакология, айлана-чөйрө гигиенасы жана башка) изилдөөлөрдү жана саламаттык сактоонун маанилүү маселелерин координациялоо жана башка кирет. Андан тышкары эл аралык карантин иш чараларын жүргүзөт: чечек, кара тумоо,тырышма холера, сары лихорадка оорулары чыкканда токтоосуз эл аралык информация берет, эл аралык санитариялык эрежелерди иштеп чыгып, ал эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Журнал, бюллетень жана башка чыгарып турат.

БДСУнун иши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРдин демилгеси менен XI Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы кабыл алган чечекти жоготуу программасын ишке ашыруу 1976-ж. бүт жер шарында чечектин жоголушуна алып келди. СССР бул программанын ишке ашырылышы үчүн БДСУнун карамагына 200 млн. доза чечек вакцинасын бекер берген. СССРдин демилгеси боюнча бактериялык жана химиялык куралдарды колдонбоо, кишини атом радиациясынан коргоо, улуттук медициналык кадрларды даярдоо, онкологиялык изилдөөлөр боюнча узак убакытка кызматташуу жана башка жөнүндө резолюция кабыл алынган. Бир катар илим-изилдөө институттар башка өлкөлөр менен БДСУнун программасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт. 1978-ж. Алматы шаарында алгачкы медициналык-санитариялык жардам уюштуруу боюнча өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк конференцияда советтик саламаттык сактоонун жетишкендиктери жана принциптери жогору бааланды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8