Онкология

Википедия дан

Онкологиямедицинанын шишиктердин пайда болуусун, өөрчүүсүн, клиникалык өтүшүн изилдөөчү жана аны диагноздоо, дарылоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Клиникалык медицинанын цитология, генетика, биохимия, патология, имуннология, вирусология, радиология, ошондой эле хирургия тармактарынын жетишкендиктерине байланыштуу эксперименттик жана клиникалык онкология калыптанган. Шишиктердин пайда болуу себебин билүү үчүн көптөгөн эксперименттер жүргүзүлүп, жаныбарларда түрдүү сырткы таасирлер, ошондой эле химиялык бирикмелер шишикти пайда кылары далилденген. 1915-ж. япон илимпоздору канцероген заттардын таасири менен жаныбарда рак шишигин чакырышкан (таш көмүр чайырын коёндун терисине такай сыйпаганда, ал жерде рак пайда болгон). Кийин рентген нурунун радиоактивдүү изотоптордун канцерогендик таасири аныкталган. Кыргызстанда рак оорусунун таралуу өзгөчөлүгүн, анын диагноз коюу, дарылоо жолдорун Улуттук онкология борбору изилдейт.


Денедеги клеткалардын ар бири алардын өсүүсүн, жетилишин, көбөйүүсүн жана ыктымал өлүмүн толук жөнгө салып туруучу системага ээ. Рак дененин кайсы бир бөлүгүндөгү клеткалар баш аламан көбөйө баштаганда башталат. Рактын көптөгөн түрлөрү бар, бирок алардын баары аномалдуу клеткалардын көзөмөлсүз өсүүсүнөн башталат.

Тобокелдик факторлору[оңдоо | булагын оңдоо]

Чылым[оңдоо | булагын оңдоо]

Чылым тартуу өпкө, кекиртек, ооз, кызыл өңгөч, мээ, заара чыгаруу жолдору, бөйрөк, боор, ашказан, уйку бези, жоон ичеги, түз ичеги, жатын моюнчасындагы рактын жана курч миелолейкоздун жогорку өнүгүү тобокелчилиги менен тыгыз байланышкан. Түтүнсүз чылым (жыттоочу же чайноочу) ооз көңдөйүнүн, кызыл өңгөчтүн жана уйку безинин жогорку өөрчүү тобокелдиги менен байланышкан.

Алкоголь[оңдоо | булагын оңдоо]

Алкоголду пайдалануу ооз көңдөйүнүн, тамактын, кызыл өңгөчтүн, боордун жана көкүрөк безинин өрчүү тобокелдигин жогорулатат. Рактын өрчүү тобокелдиги алкоголь, ошондой эле чылым колдонгондордо алда канча жогору.

Семирүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Толуп кеткен адамдардын көкүрөк безинде, жоон ичегисинде, түз ичегисинде, эндометрийинде, кызыл өңгөчүндө, бөйрөгүндө, уйку безинде жана өтүндө рактын пайда болуу коркунучу чоӊ.

Жаш курак[оңдоо | булагын оңдоо]

Улгайган курак рактын көп түрлөрүнүн тобокелдик фактору болуп саналат. Рактын диагностикасынын орточо курагы 66 жашты түзөт.

Ракты пайда кылуучу заттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Рак биздин клеткалардын иштөө ыкмасын өзгөрткөн белгилүү био гендеги өзгөрүүлөр аркылуу пайда болот. Алардын кээ бирлери ДНКны бүлүндүргөн айлана-чөйрөнүн таасиринин натыйжасы болуп саналат. Бул таасирлер чылым түтүнүндөгү химиялык заттарды же күндүн ультракызыл нурлары сыяктуу радиацияны жана башка канцерогендерди камтышы мүмкүн.

Инфекциялык козгогуч[оңдоо | булагын оңдоо]

Кээ бир инфекциялык козгогучтар, онковирустар, бактериялар жана мителер ракты пайда кылышы мүмкүн.

Иммуносупрессия[оңдоо | булагын оңдоо]

Организмдин иммундук жообу организмди рактын кээ бир түрлөрү негизинен иммуносупрессиясы бар адамдардын арасында алда канча азыраак кездешкендиги менен белгилүү болгон рак-концепциядан коргоодо олуттуу роль ойнойт.

Диагноз коюу[оңдоо | булагын оңдоо]

Диагноз коюу жана баскычтуу изилдөөлөр зыяндуу шишиктердин көлөмүнөн жана түрүнөн көз каранды.

Кандын рагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гемоглобин, лейкоциттердин жалпы саны, тромбоциттердин саны, перифериялык сүртүм, эритроциттердин көрсөткүчтөрүн камтуу менен канды изилдөө.

Аспирация, сызылма цитометрия, цитогенетика, флуоресценттик гибридизация in situ жана молекулярдык изилдөөлөрдү камтуу менен чучукту изилдөө.

Лимфома[оңдоо | булагын оңдоо]

Гистопатологиялык изилдөөлөр, иммуногистохимия жана молекулярдык изилдөөлөр үчүн лимфа түйүндөрүн эксцизиондук биопсия кылуу

Канды изилдөөлөр лактатдегидрогеназды (ЛДГ), кандын сары суусундагы сийдик кислотасын жана бөйрөктүн функционалдык тесттерин камтыйт.

Компьютерлештирилген томография (КТ), позитрондук-эмиссиондук томография (ПЭТ-КТ) сыяктуу виузалдаштырылган тесттер. Чучукту  биопсиялоо.

Катуу шишиктер[оңдоо | булагын оңдоо]

Гистопатологиялар жана иммуногистохимия үчүн биопсиялоо.

Рентген, ультра үн изилдөөлөр, компьютердик томография (КТ), магниттик-резонанстык томография (МРТ) жана ПЭТ-КТ сыяктуу виузалдаштырылган тесттер.

Назофарингоскопия, анын ичинде түз жана түз эмес ларингоскопия, ашказан-ичеги трактынын жогорку бөлүктөрү, колоноскопия, цистоскопияны кошкондогу эндоскопия.

Шишик маркерлери, анын ичинде альфафетопротеин (АФП), адамдын бета-хорионикалык гонадотропинини (ХГЧ), карциноэмбионикалык антиген (КЭА), СА 125, простатспецификалык антиген (ПСА).

Изилдөөлөр жана прогресс[оңдоо | булагын оңдоо]

Качандыр бир айыккыс деп эсептелген лейкемия, лимфома, түйүлдүк клеткаларынын шишиктери жана жаңыдан башталган шишиктер эми дарылоого боло турган зыяндуу шишиктер болуп калышты. Иммунотерапия лейкемия, заара жолдорунун жана тери рагынын ар түрдүү түрлөрүндө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Келечекте физикалык онкология тармагындагы изилдөөлөр ийгиликтүү жүрүшү мүмкүн.

Рактагы жашап кетүү мүмкүндүгү акыркы жылдары скрининг, диагностика ыкмалары жана таргеттик терапиянын жардамы менен дарылоо түрлөрүнөн улам сезилээрлик жакшырды.

Сүт бези жана Ичегинин Улуттук Хирургиялык Адүюванттык Долбоору (NSABP), Европалык Уюмдун Ракты изилдөө жана дарылоо (EORTC) Медициналык Изилдөө Кеңеши (MRC) [105] жана Рактын Улуттук Институтунун көп борборлуу рандомизделген көзөмөлдөөөчү клиникалык сыноолору (NCI) жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга олуттуу салым кошту.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]