Руб-эль-Хали

Википедия дан
Руб-эль-Хали.

Руб-эль-ХалиАраб жарым аралынын түштүк-чыгышындагы чөл, Сауд Арабиясында. Узундугу батыштан чыгышка 1200 кмге созулат. Туурасы 500 километрдей, аянты 650 миң км2 (жер шарындагы кумдуу чөлдөрдүн эң ирилеринен). Батыштан чыгышты карай 500–1000 кмден 100-200 кмге чейин төмөндөгөн түздүк. Аянтынын 10% ин бархандар (бийиктиги 200 мге чейин), кум жалчалары ээлейт. Айрым жерлеринде жылып жүрмө кумдар басымдуу. Өсүмдүктөрү (баялыш, төө тикен) сейрек. Төө багууга ыңгайлуу. Мунай кени бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]