Мазмунга өтүү

Рас-аль-Хайма (эмирлик)

Википедия — ачык энциклопедия
Рас-аль-Хайма
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

БАЭ

Административдик борбор

Рас-аль-Хайма

Башчысы

Сауд бин Сакр аль-Касими

Расмий тили

араб тили

Калкы

241 000

Жыштыгы

97,25 адам/км²

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити
 • Орточо бийиктиги



 1934 м
 2 м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

AE-RK

Расмий сайты
Оман жана БАЭ эксклавдары



     Оман     Абу-Даби (БАЭ)     Дубай (БАЭ)     Шаржа (БАЭ)     Ажман (БАЭ)     Умм эль-Кайвайн (БАЭ)     Рас аль-Хайма (БАЭ)     Фужейра (БАЭ)

Рас-аль-Хайма ( ар. رأس الخيمة чатырдын үстү ) – БАЭнин түндүгүндөгү эмирлик .

  • Борбору – Рас-аль-Хайма шаары.
  • Эмираттын аянты 2478 км²[1], калкы 241 000 адам (2009-жыл)[1].

Эмирликте дыйканчылык жана балык уулоо өнөрлөрү жакшы өнүккөн. Рас-аль-Хайма жарым марафону жыл сайын өткөрүлүп турат.

Расмий тили араб тили; англис тили бизнесте кеңири колдонулат; хинди, урду, бенгал, малаялам, фарс жана башка азиялык тилдер иммигранттар арасында кеңири таралган.

Рас-аль-Хайма эмирлигинин 7000 жылга жакын тарыхы бар. XIII-XIV кылымдарда азыркы Рас-аль-Хайма деп аталган аймакта белгилүү Жулфар аталыштагы порт жайгашкан.

Жулфар Парс булуңундагы соода түйүндөрүнүн бири болуп, өзүнүн берметтери менен кеңири белгилүү болгон.

2019-жылы бул аймакта сейрек кездешүүчү Кытай керамикасынын табылышы мурдагы Жулфардагы соода-сатыктын аймагын жана көлөмүн көрсөтүп турат.

Дөбөдө дайгашкан Дайя чеби

Эмирликте ошондой эле Парс булуңундагы эң жакшы сакталып калган балык уулоочулардан тарыхый айылдардын бири - Аль-Жазира Аль-Хамра жана БАЭдеги сакталып калган, XVIII кылымга таандык Дайя чеби жайгашкан.

Рас-аль-Хайма эмирлигинин 1000 жакын тарых жана маданият эстеликтери, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирген[2].

2015-жылга карата калкынын жалпы саны 345,000 адамды түзгөн жана калкынын 127,000 адамы БАЭнин жарандары болуп саналат[3].

Рас-аль-Хайма БАЭнин эң түндүккү чекитине жакын жайгашкан. Умм эль-Кайвайн, Фужейра, Шаржа эмирликтери жана Оман Султандыгы менен чектешет.

БАЭнин эң бийик Жебел Жайс тоо чокусу да ушул эмирликте жайгашкан, анын бийиктиги 1934 метр[4].

БАЭнин башка аймактарындагыдай эле экономиканын негизин мунай менен байланышкан өнөр жайлар түзөт. Мындан тышкары чопо жана цемент чыгаруучу ишканалар, «Julphar» дары-дармек сыгаруучу заводу бар. 2000-жылы бул эмирликте эркин экономикалык аймак ачылган.

Ажайып жайлары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАЭнин эң бийик 1937 метрге жеткен Жебел Жайс тоо чокусунда, дүйнөдөгү эн узун зиплайн аркан жолу 2018-жылдын 31 январында ачылган. Бул зиплайн аркан жолунун жалпы узундугу 2831,88 метрди түзүп Гиннесстин рекорддор китебине да катталаган[5].

Рас-аль-Хаймада деңиз жээгинде эс алууга жана саякаттоого багытталган турлар уюштурулуп турат.

Күзөт мунаралары жана чептери менен белгилүү болгон Жулфар байыркы шаары, Аль-Маржан аралдары туристтердин кызыгуусун жаратат.

Башкаруучу үй-бүлөөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкаруучу үй-бүлөө – байыркы убактарда Парс булуңун бойлото жагашкан мамлекетти түптөгөн Аль-Кавасим уруусунун тукумдары.

Сауд бин Сакр аль-Касими, 2010-жылдын 27-октябрынан тартып эмирлик кылат. Ал бийлике атасы каза болгондон кийин келген[6].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 1 2 Ras Al Khaimah Facts. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 2 -январь (үчтүн айы) 2020. Archived 2020-01-02 at the Wayback Machine
  2. Properties inscribed on the World Heritage List
  3. Ras Al Khaimah. Population. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 18 -март (жалган куран) 2022.
  4. Ras Al Khaimah. Tourist attractions. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 18 -март (жалган куран) 2022.
  5. Longest zip wire. Гиннестин рекорддор китебинин сайтында
  6. Ras Al Khaimah. The ruling family. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 18 -март (жалган куран) 2022.