Умм эль-Кайвайн (эмирлик)

Умм эль-Кайвайн
араб. أمّ القيوين
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Умм эль-Кайвайн картада

Өлкө:

БАЭ

Абалы:

эмирлик

Акимий борбору:

Умм эль-Кайвайн

Түзүлгөн убакыты:

1971-жыл 2-декабрь

Эмири:

Сауд бин Рашид аль-Муалла

Расмий тили:

араб тили

Калкы (2008):

69 936

Жыштыгы:

90,01 адам/км²

Диний курамы:

мусулмандар

Жер аянты:

777 км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Орточо бийиктиги



 54 м

Саат алкагы:

UTC+4

ISO 3166-2 коду:

AE-UQ

Оман жана БАЭ эксклавдары



     Оман     Абу-Даби (БАЭ)     Дубай (БАЭ)     Шаржа (БАЭ)     Ажман (БАЭ)     Умм эль-Кайвайн (БАЭ)     Рас аль-Хайма (БАЭ)     Фужейра (БАЭ)

Умм аль-Кайвайн ( араб. أمّ القيوينкүч булагы ) - БАЭдеги эмирлик .

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылга карата жалпы калкынын саны 69 936 адам.[1]

Мамлекеттик органдын маалыматы боюнча, Умм эль-Кайвайн эмирлигинде 2010-жылга карата БАЭнин жарандарынын саны:

  • Эркектер: 8 671
  • Аялдар: 8 811
  • Бардыгы: 17 432

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көз карандысыз Умм аль-Кайвайн шейхчилиги 1775-жылы арабдын аль-Муалла уругу тарабынан негизделген. Эмирлик 1971-жылынын 2-декабрында БАЭнин курамына кирген.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүгүндө Шаржа эмирлиги, түндүк-чыгышында Рас аль-Хайма эмирлиги менен чектешет. Түндүк-батышы Перс булуңунун жээгине чыгат, жээгинин узундугу 24 километр. Аянты болжол менен 32 километр аралыкка чейин созулат.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балык уулоо Умм эль-Кайвайн эмирлигинин экономикасына негизги салым кошкон тармак. Эмирлик деңиз азыктарын Европага жана Жакынкы Чыгышка экспорттойт.

БАЭдеги биринчи тоок жана канаттуулар фабрикасы эмирликтин Фалаж Аль-Муалладасында түзүлгөн. Бул фабрика БАЭни канаттуулардын эти, жумарткалары жана сүт азыктар менен камсыздоочу негизги чарба.

Ахмед Бин Рашид портунун жана Эркин соода аймагынын курулушу эмирликтин коммерциялык жана инвестициялык базасын кеңейтүүсүнүн пландары болуп саналат[2].

Ажайып жерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмирликте көптөгөн эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн; сууда сүзүү, парашют менен секирүү. Мындайн сырткары мүнүшкөрлүк, төө жарыш жана башка спорт түрлөрү боюнча сынактар болуп турат. БАЭдеги эң чоң Dreamland Aqua Park[3] аквапаркы да ушул эмирликтин аймагынан орун алган.

Башкаруучу үй-бүлөөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкаруучу үй-бүлөсү суунун тартыштыгынан улам Сениа аралынан көчүп барган жана Умм эль-Кайвайнда көз карандысыз шейхдик курган Аль Али уруусунун Аль Муалла уругунан тарайт.

Умм эль-Кайвайнда эмирлигин азыр шейх Сауд бин Рашид аль-Муалла башкарат. Ал 2009-жылдын 2-январында Умм эль-Кайвайндын ошол кездеги эмири, атасы шейх Рашид бин Ахмад Аль Муалла каза болгондон кийин башкарууга келген[4].

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Umm Al Quwain. Population
  2. Sustainable Blue Economy Strategy 2031
  3. Dreamland Aqua Park
  4. Umm Al Quwain. The ruling family