Араб өлкөлөрүнүн лигасы

Википедия дан

Араб өлкөлөрүнүн лигасы, жамиат ад-дууалаль-арабия - араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин, суверенитетин жана жалпы эле араб өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Капр). Анын мүчөлөрү: Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Лвия, Судан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Сомали, Жибути жана Палестина автономиясы. Уюмдун жогорку органы - Лиганын Кеңеши (ага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет), аткаруу органы - Генералдык секретариат. Штаб-квартирасы - Каир шаарында жайгашкан. Расмий тили - араб тили.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]