Бахаизм

Википедия дан

Бахаизм, бехаизм - диний-саясий агым. Шииттик исламдан келип чыккан. 19-кылымдын 40жылдарында Иранда Мирза Хусейин Али Нури (1817-1892) тарабынан негизделген. Ал өзүн Баха-Улла [(Кудайдын жарыгы) деп жарыялап, пайгамбарлардын тогузунчусумун (Кришна, Авраам (Ибрагим), Заратушгра, Моисей (Муса), Будда, Иисус Христос (Иса), Мухаммедден кийинкисимин жана бабиддер кыймылынын негиздөөчүсүмүн)] деп эсептеген. Аны жолдоочуларды бахаисттер деп аташат. Бахаизмдин диний окуусу исламдын (бабизм формасындагы) жана христианчылыктын догмалык эрежелеринин синтези, ошондой эле зороастризмдин, буддизмдин, кришнаизмдин, конфуцианчылыктын жана даосизмдин айрым догмаларын кабыл алган. Алардын пикири боюнча бардык диндер жалпы идеяны камтыйт жана кудайга алып барат, бирок ага жетиш үчүн дүйнөлүк диндер Бахаизмге биригиши зарыл. Адегенде аларды жок жышаандардан, керексиз ырым-жырымдардан тазалаш керек деген идеяны айтат. Мында христианчылыктын үчилтик догмалары жана Иисус Христостун касиеттери таптакыр четке кагылат. Алар кудай шайтандарды жаратышы мүмкүн эмес, ошондуктан кара ниет, арамдыктын болушу жакшылыктын жоктугу деп эсептешкен. Коркунучтуу Сотко жана өлгөндөрдүн кайра тирилишине ишенет, бирок Иисус Христостун кайра жаралышын жана анын экинчи келишин, ошондой эле Библия ждөгү христиандык догматтарга, жазыксыз бойго бүтүүнү жана күнөөдөн арылууну танышат. Исламдын көп жоболору, мусулманчылыктын беш парзы: бир кудайга сыйынуу, намаз окуу, орозо кармоо, садака-зекет берүү, ажыга (Мекеге) баруу четке кагылат. Бахаисттер дин илимге каршы турбашы керек жана адам эволюциялык процесс аркылуу, жер табигый жол менен пайда болгон деп далилдөөгө аракеттенишет. Дүйнө жүзүндө 6 млндой бахаисттер бар, алардын борборлору 200дөн ашык өлкөдө жайгашкан. Басымдуу көпчүлүгү Индияда, ошондой эле Иран, Вьетнам, Филиппин, Өзбекстан, Пакистан, аз сандагы тарапкерлери Кыргызстанда да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4