Эксклав
Эксклав ( б.-грек. ἐξ- «-ден» + лат. clavis «ачкыч») - өлкөнүн негизги аймагынан бөлүнгөн жана бир же бир нече башка мамлекеттер менен курчалган суверендүү эмес аймак. Ошол эле аймак өзү кирген өлкө үчүн эксклав, ал эми кирбеген мамлекет үчүн анклав болуп санаталат. Бирок курамына кирбеген мамлекеттин аймагы менен курчалган. Чыныгы эксклав болуп – өлкөнүн негизги аймагынан бөлүнүп, бирден ашык мамлекет менен курчалган суверендүү эмес аймак болуп саналат.[1]
Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар эксклав жарым эксклав деп аталат. Деңиз мыйзамына ылайык, жарым эксклавга башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн кирүүсүн тосууга жол берилбейт. Күнүмдүк турмушта жарым эксклав жана жарым анклавдар көбүнчө учурда жөн гана эксклав жана анклав деп аталышат.
Эксклавдардын мисалдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эл аралык
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Азербайжандын курамындагы Нахичеван автономдук республикасы Армения, Иран жана Түркия менен курчалган .
- Медвежье-Санково, Беларустун Гомель облусунун аймагында жайгашкан, административдик жактан Россиянын Брянск облусуна карайт.
- Фергана облусуна караштуу Шахимардан эксклавы жана Сох району, Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын эксклавдары болуп саналат.
- Ломбардияга таандык Лугано көлүндөгү италиялык Кампионе д'Италия айылы Швейцариянын аймагы менен курчалган, Италиянын эксклавы жана Швейцариянын анклавы болуп саналат.
- Испаниянын бир бөлүгү болгон Льивия муниципалитети Франция менен курчалган.
Аймактык (регионалдык)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Зеленоград, Восточный району, Мачихино - Москванын эксклавдары (Москва облусунун аймагы менен курчалган).
- Шапочка табигый аймагы[2] — Пермь крайынын аймагындагы Свердлов районунун эксклавы.
- Псков облусунун аймагынын бир бөлүгү Новгород облусу менен курчалган.
- Краснолесный айылы Воронеждин эксклавы.
- Чернигов облусунун аймагындагы Киев облусунун эксклавы - Славутич шаары жана Чернобыль АЭСнын ажыратылуучу чөлкөмүнүн бир бөлүгү.
- Эстониянын Кохтла-Ярве шаарынынын бир нече эксклавдар бар.
Жарым эксклавдардын мисалдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Россиянын Калининград облусу Балтика деңизи, Польша жана Литва менен курчалган .
- Анголага таандык жана Атлантика океанына чыккан Кабинда провинциясы Конго жана Конго Демократиялык Республикасы менен курчалган.
- Аляска Америка Кошмо Штаттарынын жарым эксклавы жана Канаданын жарым анклавы .
- Псков көлүнөнүн жээгиндеги Дубки айылын Псков облусунан Эстониянын аймагы менен бөлүнүп турат. Бул Россиянын жарым эксклавы жана Эстониянын жарым анклавы дегенди саналат.
- Мусандам - Омандын мухафазасы (провинциясы), түштүгүнөн жана батышынан БАЭнин аймагы менен курчалган, Перс жана Оман булуңдарына чыккан аймак.
- Окуси-Амбено Чыгыш Тимор административдик аймагы Индонезиянын аймагы менен курчалган жана Саву деңизине чыккан аймак.
- Брунейдин Тембуронг району өлкөнүн калган бөлүгүнөн менен Малайзиянын аймагы менен ажыратылган жана Бруней булуңуна чыккан аймак.
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Винокуров Е. Теория анклавов. — Калининград: Terra Baltica, 2007. — С. 20. — 342 с. — 1000 экз. — ISBN 978-5-98777-015-3
- ↑ Wikimapia