Воронеж

Википедия дан
Воронеж.

ВоронежРоссия Федерациясындагы шаар, Воронеж облусунун административдик борбору. Аянты 596,51км2. Калкы 1 023 570 миң (2015). Облустун түндүк-батыш бөлүгүндө, Воронеж дарыясы Дон дарыясына куя бериште (чатынан 12 км аралыкта) жайгашкан. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1584-ж. негизделген. 1711-жылдан Азов, 1725-жылдын Воронеж губернияларынын борбору. 18-19-кылымдын орто ченинен Борбордук Россиядагы кендир өндүрүшүнүн, 20-кылымдын башынан ири өнөр-жай борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта катуу бүлүнүүгө дуушарланып, 1946-жылкы генплан боюнча калыбына келтирилген. Барокко стилиндеги чиркөөлөр (Воскресенье, 1761-68; Николай, 1712-20) жана үйлөр, соборлор, аялдар монастыры, 17-19-кылымдын жана заманбап курулуштары бар. 19-20-кылымдын 2-жарымындагы архитехтуралык курулуштар басымдуу. Эстеликтер, мемориалдар, акындар И. С. Никитиндин жана А. В. Кольцовдун үй-музейлери бар. Воронеж билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын ири борбору. Шаарда 56 илимий-изилдөө жана констр.-долбоорлоо институттары, 46 Жогорку окуу жайлары (филиалдары менен; анын ичинде университеттер), академиялар (токой, архитехтура-курулуш, медициналык, техникалык), китепканалар, музейлер, «Арсенал», театрлар (опера жана балет, драма, жаштар, куурчак), филармония, симфониялык оркестр, цирк ж. б. иштейт. Радио-электроника, авиа-космос (акционердик самолёт куруу), химиялык («Воронежшина»), тамак-аш (ун-акшак) өнөр-жай ишканалары, тепловоз, вагон ремонттоо, оор механикалык пресс, тоо-кен байытуу жана медициналык жабдуу заводдору, курулуш материалдар, трикотаж буюмдары, резина бут кийимдер ж. б. өндүрүштөрү, шаардын четинде археол., табигый тарыхый-археол. музей-корук, Д. В. Веневитиновдун музей-чарбагы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]