Меконг

Википедия дан
Меконг
lo/ແມ່ນ້ຳຂອງ/km/មេគុង/vi/Sông Cửu Long
Луангпхабанг аймагындагы Меконг
Луангпхабанг аймагындагы Меконг
Мүнөздөмө
Узундугу 4 500 км
бассейндин аянты 810 000 км²
Суу чыгымы 15 000 м³/с
Суу агымы
Башаты
 · Орду Тибет тайпак тоосу
Аягы [[]]
 · Орду Түштүк Кытай деңизи
 · Бийиктиги 0 м
Меконг.
Меконг (Лаос-Тайланд‎).

Меконг - Индикытай жарым аралындагы ири дарыя. Кытай, Лаос, Камбоджа, Вьетнамдагы аймактары (айрым жеринде Лаостун Мьянма жана Таиланд менен болгон чек арасы) аркылуу агат. Узундугу 4500 кмдей, алабынын аянты 810 миң км2. Тибет тайпак тоосундагы (Тангла кырка тоосунан) башталып, Сина-Тибет тоосунун терең капчыгайлары, Юньнань тайпак тоосу, Чыонгшон тоосунун батыш тармактары, Камбоджа түздүгү аркылуу агып, түштүк Кытай деңизине куярда саздуу дельтаны (аянты 70 миң км2че) пайда кылат.

Негизги куймалары: Мун, Тонлесап (оң), У, Тхэн, Сан (сол). Негизинен жамгыр, жогорку агымында ошондой эле кар, бир аз мөңгү сууларынан куралат. Жай-күз мезгилдеринде суусу кирип, деңгээли 10–15 мге чейин көтөрүлөт. Агымын жөнгө салууда Тонлесап көлүнүн мааниси зор. Нугу шаркыратмалуу (Кон ж. б.), босоголуу. Орточо чыгымы Пномпень шаары тушта 13,2 миң м3/сек, айрым жылдары 67 миң м3/секга чейин жетет. Жылына орто эсеп менен 1,5 км3 шиленди агызып келет. Төмөнкү агымында сугатка пайдаланылат. Өрөөнүн суу жайпап жаткандыктан, анда шалы өстүрүлөт. Суу-энергетикалык ресурсу өтө зор (75 млн кВт чамасында). 700 км, суу киргенде 1600 км аралыкка (Вьентьянга) чейин кеме жүрөт; деңиз кемелери 350 кмге (Пномпенге) чейин жетет. Боюнда Луангпрабанг, Вьентьян (Лаос), Пномпень (Камбоджа) шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]