Тибет тайпак тоосу
Тибет тайпак тоосу (түрк тилинен Tobod – бийик) Борбордук Азияда, негизги бөлүгү Кытайдын аймагында. Жер шарындагы бийик тайпак тоолордун бири. Аянты 2 млн км2, орточо бийиктиги 4877 м. Гималай, Кара-Корум, Кунь-Лунь, Сина-Тибет тоолору менен чектешет. Тибет тайпак тоосунун түндүк, борбордук жана батыш бөлүгү (жергиликтүү аталышы Чангтан) бийиктиги 460–-5200 м келген тегиз жана күдүрлүү түздүктөр кеңдик багытта созулган, бийиктиги 6–7 миң мге жеткен кырка тоолорго өтөт. Чыгышы (Сикан) тектоникалык жана эрозиялык терең капчыгайлар (тереңдиги 2–3 миң м) менен тилмеленип, катарлаш жаткан Сина-Тибет тоолорунан Хуанхэ, Янцзы, Меконг дарыяларынын өрөөндөрү аркылуу бөлүнөт. Түштүктү көздөй жапыздап, тоо этектей аккан Брахмапутра, Сатлеж, жана Инд дарыяларынын жайык өрөөндөрү аны Трансгималай жана Гималай тоолорунан бөлүп турат. Бийиктигине карабастан рельефи негизинен орто бийик тоо мүнөзүндө; кар сызыгынан жогору жаткан айрым чокулары гана альп рельефтүү. 4500 м бийиктиктен жогору төр, трог, мореналар калыптанат. Түздүктөрү кумдук, акиташ теги, кварцит, чополуу сланецтен, кырка тоолору гранит жана гнейстен түзүлгөн. Тибет тайпак тоосу Индстан жана Евразия тектоникалык плиталарынын кагылышынан, кайнозойдо пайда болгон. Көтөрүлүү процесси азыр да уланып келет; жылына 1 смге өсөт. Сейсмдүүлүгү жогору, термалдык булактар жана аракеттеги жанартоолору бар. Кен байлыктарынан чачынды алтын, касситерит, таш көмүр, полиметалл кен таштары, күйүүчү сланец кездешет; көлдөрүнөн туз жана сода алынат. Тибет тайпак тоосунун климаты кескин континентик, катаал. Кышы узакка созулат. Январдын орточо температурасы түштүгүндө 0... –2°С, түндүгүндө –20... –32°С; жайы салкын, июлдуку 5–10°С, ал эми түштүктөгү өрөөндөрүндө 14–18°Сге жетет. Чан аралаш шамал болуп турат. Өтө бийиктиги, материктин ички бөлүгүндө алган орду жана нымдуу аба массаларынан обочо турушу кургак абанын өкүм сүрүүсүнө шарт түзгөн. Жылдык жаанчачындын өлчөмү түндүгүндө 100–200 мм, негизинен кар түрүндө түшөт. Көп жылдык тон кеңири таралган. Көл менен дарыялар тонуп, ысык гейзерлердин айланасын да узак убакытка муз каптап калат. Түштүгү тропиктик нымдуу аба массаларынын таасиринен нымдуураак (500–700 мм) келет. Кар чеги 5000–6000 м бийиктикте жатат. Дээрлик бардык тоолору мөңгүлүү. Алардын ирилери түштүгүндөгү Тангла, Кайлас кырка тоолорунда. Тибет тайпак тоосу Тынч жана Инд океандары менен Борбордук Азиянын аралыгындагы негизги суу бөлгүч. Андан Инд, Брахмапутра, Салуин, Меконг, Янцзы, Хуанхэ дарыясы башталат. Өрөөндөрү терең капчыгайларды пайда кылат. Алар кар, мөңгү (түндүк жана борбордук бөлүгү) жана жамгыр (түштүк) сууларынан куралат. Дарыялары суу энергиясынын ресурстарына бай. 4500–5300 м бийиктиктеги ойдундарында туюк көлдөр (ирилери: Намцо, Селлинг, Данграюм) көп. Алар негизинен туздуу; айрым жерлеринде саз кездешет. Көлдөрү ноябрдан майга чейин тоңот. Тибет тайпак тоосу ландшафтында бийик тоолуу (муздак) шагылдуу чөлдөр жана жарым чөлдөр басымдуулук кылат. Өсүмдүктөрүнө жапыз өскөн (5–15 см) бадалдар (терскен, танацетум, чекенде, жылгын, реомюрия), чөптөр (шыбак, аканталимон, түлкү машак, соссюрея) жана кылкандуулар (птилагростис) мүнөздүү. Түндүгүндө мамык чөп, энилчек, саздуу жерлерде ыран, доңуз сырттан турган шалбаа өсүмдүктөрү таралган. Тибет тайпак тоосунун түштүк жана чыгыш чети нымдуурак болгондуктан бийиктик алкактуулук байкалып, муздак жана жарым чөлдөр тоо талааларына (бетеге, ак кылкан, жылгын ж. б.) алмашат. Чет жакаларында бадалдар (рододендрон, караган, арча ж. б.), дарыяларын бойлой тал, терек ж. б. дарак-бадалдардан турган тугай токойлору өсөт. Тибет тайпак тоосунун бардык аймагында топоз, бөкөн, кианг, аркар кездешет. Коён, чычкан, момолойлор кеңири таралган. Аюу, карышкыр, түлкү, чөө да бар. Улар, булдурук, мукур, гималай кажырлары уялашат. Көлдөрү жана дарыялары балыктарга бай. Түштүк жана чыгыш чет жактарынын шалбаалуу талааларында элик, ак илбирс, кыргоол ж. б. жан-жаныбарлар жолугат. Тибет тайпак тоосу аймагында Тибет автономиялуу району жайгашкан. Негизинен жайыт катары пайдаланылат. Тоонун көп бөлүгү өздөштүрүлгөн эмес. Тибеттиктердин табиятка жасаган аяр мамилесинен Тибет тайпак тоосунун табияты өзгөрүүсүз сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9