Кунь-Лунь

Википедия дан
Кунь-Лунь.

Кунь-Лунь, Куэнь-Лунь — дүйнөдөгү ири тоо тармактарынын бири; Кытайдын аймагында. Батыштан (Памирден) чыгышты карай (Сина-Тибет тоолоруна чейин) 2700 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы батышында 150 км, чыгышында 600 км. Эң бийик жери 7723 м (Улуу-Музтаг чокусу). Түндүк капталынын Тарим түздүгүнө жана Алашань чөлүнө салыштырмалуу бийиктиги 4500—5000 м, түштүк капталыныкы 1000—1500 м келип, Тибет тайпак тоосуна өтөт. Негизги кырка тоолору: Кашкар, Орус, Алтынтаг, Аркатаг, Баян-Хара-Ула; Кунь-Луньга көбүнчө Наньшанды да кошот. Кунь-Лунь палеозой бүктөлүү кыймылынан пайда болуп, альп орогенезинде калыптанган; негизинен гранит ж. б. метаморфизмделген тоо тектерден түзүлгөн. Суу бөлгүчү аз тилмеленген, түндүк капталы тик, түштүгү жантайыңкы. Климаты кургак, мелүүн, кескин континенттик. Бийигирээк зонасында январдын орточо температурасы —35 ПСге чейин, июлдуку 10°С чамасында. Жылдык жаан-чачыны батышында 50 мм, чыгышында 500 мм. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 11,6 миң км2. Дарыялары кыска, сууга жарды; чыгыш Кунь-Ленде (Наньшанда) Кукунор көлү жайгашкан. Тоо чөлү жана талаа ландшафты мүнөздүү; түндүк капталдарында токойлуу жана шалбаалуу чакан аянтчалар кездешет. Көчмөн мал чарбасы, 3600 м бийикке чейин оазис дыйканчылыгы (арпа, тоо этектеринде — буудай) өнүккөн. Кытайча Куэнь-Лунь — «пияздуу тоолор»; ал жерде сарымсак, согон ж. б. жапайы пияздын көптүгүнө байланыштуу аталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]