Тайпак тоо
Көрүнүш
Тайпак тоо – плато, кырка тоо жана тоо массивдери менен айкалышып, кээде тоо аралык өрөөндөр менен кезектешип жаткан кеңири аймак. Адатта тайпак тоолор тектоникалык кыймылдуу аймактарда, негизи бийик көтөрүлгөн массивдерде пайда болот. Тайпак тоолордун абсолюттук бийиктиги зор болгону менен салыштырмалуу бийиктиги жапыз келет; мисалы, Тибет тайпак тоосунун эң бийик жери 7000 мден ашса, салыштырмалуу бийиктиги 2000–2500 мге чейин гана жетет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9