Хуанхэ

Википедия дан
Хуанхэ
Хуанхэ (Ланьчжоу).
Хуанхэ (Ланьчжоу).

Хуанхэ («Сары Дарыя») — Кытайдын чыгышындагы дарыя.

Уз. 4845 км, алабынын аянты 771 миң км2 (башка маалыматтар боюнча 4670 км жана 745 мин км2). Тибет тайпак тоосунун чыгышынан 4000 м бийиктиктен башталып, Орин-Нур жана Жарин-Нур көлдөрү, Кунь-Лундьун жана Наньшаньдын тармактары аркылуу агат. Ортонку агымында Ордос жана Лёсс платосун кесип өтүп, чоң суу имерилишин пайда кылат. Төмөн жагы терен капчыгай менен (Саньмынься ж. б.) Шаньси тоосу аркылуу, андан ары 700 км аралыкта Улуу Кытай түздүгү менен агат. Сары деңиздин Бохайвань булуңуна куярда дельтаны пайда кылат.

Хуанхэ.

Орточо чыгымы 2000 м3/сек. Режими муссондуу, жайкысын кирет, деңгээли түздүктөрдө 4-5 м, тоолуу жерде 15-20 мге чейин көтөрүлөт. Натыйжада Лёсс платосун жана Шаньси тоосун аралап агып, жылына 130 млн гшиленди агызып (дүйнөдө 1-орунда) келет. Төмөнкү агымында шиленди чөгүп тургандыктан нугу айланасындагы түздүктөрдөн 3-10 -мге чейин көтөрүңкү жатат. Суу каптоодон сактоо үчүн X. жана анын куймалары дамбалар менен (уз. 5 миң кмге жакын аралыкта) тосулган. Дамбаларды суу жырып кеткенде алаамат суу каптап, нуктары оошуп (800 жге чейин), түндүгүндө Хайхэ, түштүгүнөн Хуайхэ д-на жетип, Шаньдун ж. а-нын түндүк жана түштүк тарабынан Сары деңизге куят. Сугатка пайдаланылат. Люцзяся жана Саньмынься ГЭСтери курулган. Улуу канал аркылуу Хуайхэ д. менен туташат. Айрым бөлүктөрүндө (негизинен Улуу Кытай түздүгүндө) кеме жүрөт. Өрөөнүндө калк жыш отурукташкан. Боюнда Ланьчжоу, Баотоу, Лоян, Чжэнчжоу, Кайфын, Цзинань ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4