Наньшань

Википедия дан
Наньшань.

НаньшаньКытайдагы тоо тармагы. Цайдам чуңкурдугу (түш.) менен Алашань чөлүнүн (Түндүк) аралыгында 800 кмге созулат; кээде Куньлундун бир бөлүгү катары каралат. Бийиктиги 5808 мге чейин. Туурасынан жаткан бийик тоолордон (Циляньшань, Сулэнаньшань – бийиктиги 6346 м, Улан-Дабан, Дакэн-Дабан жана башка) турат. Кумдук сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн; карст процесси өнүккөн. Альп рельефи мүнөздүү; 1000ге жакын мөңгү бар. Батышында чөл жана талаа, чыгышында талаа жана токойлуу талаа, ийне жалбырактуу токой, шалбаа басымдуу. Темир, полиметалл кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]