Янцзы

Википедия дан
Янцзы
Мүнөздөмө
Узундугу 5 800 км
бассейндин аянты 18 085 км²

Янцзы, Яндзцян, Чанцзян, Көгүлтүр дарыя - Евразиядагы эң узун, суусу мол дарыя. Кытайда. Уз. 5800 км, алабынын аянты 1808,5 миң км2.

Янцзы.

Тибет тайпак тоосунан 5500 ж бийиктиктен башталып, Сина-Тибет тоосун кесип өткөн бөлүгүндө босоголуу терең капчыгайларды пайда кылып, шар агат. Ортонку агымы Сычуань өрөөнүнүн түштүк бөлүгү менен өтүп, андан төмөнүрөөк тик капталдуу 3 капчыгайды пайда кылат. Төмөнкү бөлүгү Цзянхань түздүгү жана Чыгыш Кытай туздугунун түштүгү аркылуу агат. Бул жерде нугунун туурасы 2 кмге чейин жетип, салааларга бөлүнөт. Чыгыш Кытай деңизине куярда дельтаны пайда кылат (аянты 80 мин км2дей). Негизги куймалары: Ялунцзян, Миньцзян, Цзялинцзян, Ханьшуй (Цзюйхэ). Оң жээгинде Дунтинху, Поянху көлдөрү (алар дарыя агымын жөнгө салып турат) жайгашкан. Орт. чыгымы 34 миң м3/сек, режими муссондук. Жайында кирип, түздүктөрдө суунун деңгээли 10 мге чейин көтөрүлөт. Кыйраткыч суу ташкындары болгондугуна байланыштуу нугун бойлото дамбалар (уз. 2,7 миң км) курулган. Деңиз ташкынынын таасири чатынан 700 кмге чейин байкалат. Янцзышилендилерди көп агызып келгендиктен суунун өңү саргыч болуп турат. Жылына 280-300 млн т шиленди агызып келет. Янцзы- Кытайдын башкы суу жолу. 2850 мден баштап кеме жүрөт (Сина-Тибет тоосунун этегине чейин), деңиз кемелери Ухань шаарына чейин жетет. Алабындагы суу жолунун жалпы уз. 17 миң гежден ашык. Янцзынын жана анын куймаларынын суусу сугатка (негизинен шалы талаасында) кеңири пайдаланылат. Боюнда Чунцин, Ухань, Нанкин, дельтасында Шанхай ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4