Ухань

Википедия дан
Ухань

Ухань - Кытайдын чыгышындагы шаар, Хубэй провинциясынын административдик борбору. Ханьшуй д-нын Янцзыга куя беришинде жайгашкан.

1953-ж. Ханькоу, Ханьян жана Учан шаарынын биригишинен пайда болгон. Калкы 4,3 млн (2013; агломерациясы менен 4,7 млн). Янцзы д-ндагы порточо Т. ж. түйүнү. Өлкөнүн ири өнөр жай борбору. Машина, кеме жана станок куруу, металлургия, химиялык, текстиль, тиричилик электр приборлору, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Кытай Илимдер Академиясынын филиалы, ЖОЖ, музей, китепканалар бар. Баота пагодасы (13-к.), мунара ж. б. сакталган. Шаар курулуштары Саньго мезгилинде эле (б. з. 220-280) салына баштаган. У. суу каптоодон бир нече ирет жапа чеккен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4