Хива хандыгы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Хива хандыгы - Орто Азиядагы 16- 20-кылымдын башындагы феодалдык мамлекет.

1512-ж. өзбек ханы Элбарс негиздеген. Хандыкка байыркы Хорезм, ошондой эле Мангышлак, Дагестан, Узбойдо түркмөндөр жердеген аймак жана Хорасандын түндүк бөлүгү кирген. Борбору-Вазир, Ургенч, Хива. 16-18-кылымдын биринчи жарымында Хива хандыгынын ичинде өз ара күрөш жана Бухара, Иран менен тынымсыз согуш болуп турган. Хандыктын Россия букаралыгына өтүүгө кылган аракети ишке ашпай, аны 1740-ж. Иран басып алган. Ал 1747-ж. кайрадан өз алдынча хандык болуп, ич-ара күрөштөн кийин 1763-ж. бийликке Коцурат династиясы келген. Мухаммед-Рахимдин тушунда (1806-25) Хива хандыгын бириктируу аяктап, кубаттуу мамлекетке айланган.

1873-ж. орус аскерлери Хива хандыгын каратып, тынчтык келишими боюнча Хива хандыгы Аму-Дарыянын оң жээгинен баш тартып, Россиянын вассалына айланган. Хива хандыгынын калкы (өзбек, туркмен, каракалпак, казак) дыйканчылык жана малчылык менен кесип кылган. Хандыкта феодалдык, мамилелер менен катар патриархалдык-уруулук, кулчулук түзүлүштүн калдыктары да сакталып, хан чексиз бийлик жүргүзгөн. Октябрь революциясынын жеңишинен кийин 1920-ж. 2-февралда көтөрүлүш чыгарган эл Кызыл Армиянын жардамы менен хан бийлигин кулатып, ошол эле жылы 26-апрелде Хорезм. Элдик Советтик Республикасы жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.