Хорезм элдик советтик республикасы

Википедия дан

Хорезм элдик советтик республикасы (ХЭСР) - Хива хандыгынын ордуна түзүлгөн республика (1920-24).

Орто Азияда Совет бийлигинин орношунун (Туркстан. АССРнин. түзүлүшү ж. б.) таасиринде 1920-ж. февралда Хивада революция башталып, Хива ханы тактысынан баш тартууга мажбур болгон. Ошол эле жылы 26-апрелде Советтердин бүткүл хивалык 1-съездинде ХЭСР түзүлгөндүгү жарыяланган. 1923-ж. 30-октябрда Советтердин бүткүл хорезмдик 4-съездинде кайрадан Хорезм Советтик Социалисттик Республикасы (ХССР) деп жарыяланып, конституциясы кабыл алынган. 1924-ж. ОртоАзиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшүнө байланыштуу Советтердин бүткүл хорезмдик 5-съезди (октябрь, 1924) ХССРдин жоюлганын жарыялап, ага караштуу аймактарда Өзбек ССРи, Түркмөн ССРи жана Каракалпак АОсу түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4