Мухаммед Рахим

Википедия дан

Мухаммед Рахим (т. ж. белгисиз — 1758)—Бухарадагы Мангыт династиясын негиздөөчү.

Аштарханилер династиясынын акыркы өкүлүн өлтүрүп, 1747—48-ж. Бухара хандыгынын чыныгы башкаруучусу болуп калган, 1753-ж. эмир деген титул алган. Иранга болгон вассалдык көз карандылыктан бошонуп, кубаттуу аскер түзгөн. Шахрисяб, Ургут, Жызак, Гассар жана башканы караткан. Шерг. феодалдар- ш оппозициясын бир кыйла жойгон. Бирок ал жүргүзгөн согуштар өлкөнүн чарбасына зор зыян келтирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.