Мангышлак

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

МангышлакКаспий деңизинин чыгыш жээгиндеги жарым арал. Казакстандын аймагында. Каспийдин деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу Мангылшактын абалы өзгөрүүдө. Жарым аралдын көп бөлүгүн Мангыштоо ээлейт, анын эң бийик жери 556 м (Беш-Чоку тоосу). Батышында плато сымал Топ-Караган жарым аралы жатат. Түштүк- батышы түзөң, анда деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан Карагие (—132 м), Каунды (—57 м) ойдуңдары бар.

Түштүк-чыгышында бийикт. 268 метрге жеткен Мангышлак платосу, түндүк бөлүгүндө Бузачи жарым аралынын кууш аккумулятивдик түздүгү жатат. Мангылшакта чополуу, шыбактуу, шор топурактуу айрым жерлеринде кумдуу жана таштуу чөл ландшафттары үстөмдүк кылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.