Буурчак

Википедия дан
Буурчак.

Буурчак, ак буурчак (лат. Pisum) – чанактуулар тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк. Эгилме буурчак бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түксүз, төрт кырдуу, бийиктиги 150–250 см, ичке жана бутактуу болгондуктан, ийилип, жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы көгүлтүр же жашыл, жалбырак түбүндө эки жан жалбырагы болот. Гүлү ак, мөмөсү чанак, ар бир чанагында 11ге чейин түрдүү түстөгү (мала жашыл, сары жана башка) даны (жылма жана бырыштуу) болот. Данында 20–30% белок, ал эми жашылча буурчагында 8–10%ке чейин кант болот. Буурчак витаминге (В1, В2, С, Е жана башка) бай. Тамыры 1–1,5 м тереңдикке чейин сүңгүп өсүп, жоон бутактарында 5–6 жалбырак алганда түймөк бактериялары бар түймөкчө пайда болот. Вегетация мезгили 45–120 күн. Ал өзү менен өзү, кургакчыл мезгилде кайчылаш чаңдашат. Данынан акшак, ун, көк буурчак даярдалат, жаңы кезинде жана консерваланган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Буурчак бири биринен гүлүнүн түсү, үрөнү менен айырмалангандыктан генетикада Мендель өзүнүн классикалык тажрыйбаларын буурчакка жасаган. Европада, Батыш Азияда жана Түндүк Африкада 6–7 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү кездешет. Мекени Жер Ортолук деңиз аймактары, эгилме түрлөрү Түштүк-Батыш жана Алдынкы Азияда алгач өстүрүлгөн. Кыргызстанда дан алынуучу «Романовский 77», «Богатырь»; канттуу сортторунан «Генри», «Эра», «Сахарный мозговой», «Овощной горох» жана башка сорттору эгилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]