Чанактуулар

Wikipedia дан
One of the many pea family - Fabaceae wildflowers (6757521227).jpg
Ботаниканын бөлүмдөрү

Чанактуулар


Изилдөө объектилери

Өсүмдүктөр · Балырлар
Козу карындар жана башкалар…

Ботаниканын бөлүмдөрү

Альгология · Өсүмдүктөрдүн анатомиясы · Бриология · Геоботаника · Өсүмдүктөрдүн географиясы · Дендрология · Диаспорология · Карпология · Лихенология · Микогеография · Микология · Өсүмдүктөрдүн морфологиясы · Палеоботаника · Палинология · Өсүмдүктөрдүн систематикасы · Өсүмдүктөрдүн физиологиясы · Фитопатология · Флористика · Өсүмдүктөрдүн экологиясы · Этноботаника

Белгилүү ботаниктер

Теофраст
Жозеф Питтон де Турнефор
Карл Линней
Адольф Генрих Густав Энглер
Армен Леонович Тахтаджян

Тарыхы

Ботаниканын тарыхы
Ботаника боюнча белгилүү китептер
Ботаникалык иллюстрация

К·Т·О

ЧАНАКТУУЛАР (Fabaceae, Leguminosae) — эки үлуштүү өсүмдуктѳрдүн тукуму. Жан жалбырактуу татаал жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү чачы, машак же башка топ гүл гө чогулган. Чөйчөкчө жалбыракчалары биригип өскөн. Желекчеси 5, үстуңүкусү ири (желеги же парусу), 2 кичирээк каптал желекчеси калакчаны же канатты, андан кичирээк экѳѳ кайыкчаны түзөт. Аталыктары (10, кээде 9—5) биригип өсөт, энелиги 1. Мөмөс ү чанак. Чанактуулардын 500 урууга кирген 12000 түрү бардык жерде таралган. Алар бир жана кѳп жылдык чѳп, жарым бадал, бадал, лиана жана чанда дарак. Кыргызстанда 54 уруунун 370тей түрү бар. Алардын тамырында атмра азотун топтоочу түймѳкчө бактериялары болот. Көбу (уй беде, беде, шалбаа буурчагы ж. б.) баалуу тоют. Чанактуулардын уругунда белок көп болгондуктан андан тамак-аш продуктула (буурчак. төө буурчак, соя, жер жаңгак ж. б.), май (жер жаңгак, соя), баалуу жыгач боёочу зат ж. б. алынат. Кээси дары-дармек (мис., Кызыл мыя), кооздук үчүн өстурүлөт (ак акация ж. б.). Чанактуулардын отоо чөп жана уулуу түрлөрү да бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • . Кыргыз совет энциклопедиясы. Бишкек (Фрунзе): 1980 г., ББК 92 Я 2